2022-ЖЫЛДЫН ЯНВАРЬ АЙЫНА КАРАТА БИРДИКТҮҮ ТӨЛӨӨЧҮ СИСТЕМАСЫН КАРЖЫЛОО ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу ММК фонду тарабынан 2022-жылдын январь айында Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарын 1 111 503 600 сом суммасында жалпы каржылоо жүргүзүлдү, анын ичинде:
- Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча калкка көрсөтүлгөн медициналык кызматтар үчүн - 716 520 300 миң сом суммасында;
- январь айына эмгек акыны жогорулатуу боюнча кошумча төлөмдөрдү төлөө – 287 819 800 сом;
- (COVID-19 менен байланышкан) очоктук аймактарда иштеген кызматкерлерге компенсациялык төлөмдөр декабрь айы учун - 10 688 200 сом;
-жеке менчик медициналык борборлорго жана мамлекеттик уюмдарга жеңилдетилген гемодиализ кызматын көрсөткөндүгү үчүн - 96 475 300сом суммасында каражат багытталган;
ММК фонду республикалык бюджеттен жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинен келип түшкөнкаражаттардын чегинде саламаттык сактоо уюмдарын өз убагында каржылоону камсыз кылат.