Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме. На сайте ведутся технические работы

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

2022-ЖЫЛДЫН ЯНВАРЬ АЙЫНА КАРАТА БИРДИКТҮҮ ТӨЛӨӨЧҮ СИСТЕМАСЫН КАРЖЫЛОО ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу ММК фонду тарабынан 2022-жылдын январь айында Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарын 1 111 503 600  сом суммасында жалпы каржылоо жүргүзүлдү, анын ичинде:

- Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча калкка көрсөтүлгөн медициналык кызматтар үчүн  - 716 520 300 миң сом суммасында;

- январь айына эмгек акыны жогорулатуу боюнча кошумча төлөмдөрдү төлөө – 287 819 800 сом;

- (COVID-19 менен байланышкан) очоктук аймактарда иштеген кызматкерлерге компенсациялык төлөмдөр декабрь айы учун  - 10 688 200 сом;

-жеке менчик медициналык борборлорго жана мамлекеттик уюмдарга жеңилдетилген гемодиализ кызматын көрсөткөндүгү үчүн - 96 475 300сом суммасында каражат багытталган;

ММК фонду республикалык бюджеттен жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинен келип түшкөнкаражаттардын чегинде саламаттык сактоо уюмдарын өз убагында каржылоону камсыз кылат.