Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме. На сайте ведутся технические работы

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

2023-жылдын апрель айы үчүн саламаттык сактоо уюмдарын каржылоо жөнүндө маалымат

2023-жылдын апрель айы үчүн саламаттык сактоо уюмдарын каржылоо жөнүндө маалымат

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу ММК фонду тарабынан 2023-жылдын апрель айында Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарын сумму  2 269 275,4 миң сом суммасында жалпы каржылоо жүргүзүлдү, анын ичинде:

- Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча калкка көрсөтүлгөн медициналык кызматтар үчүн 1 163 674,7,9 миң сом суммасында;

- айлык маянанын көбөйтүүгө апрель айы үчүн - 749 433,6 миң сом;

-жеке менчик медициналык борборлорго жана мамлекеттик уюмдарга жеңилдетилген гемодиализ кызматын көрсөткөндүгү үчүн 192 478,0  миң сом суммасында каражат багытталган;

-Мамлекеттик кепилдик программасынын артыкчылыктуу дары-дармек менен камсыз кылуу кызматы боюнча келишим түзгөн фармацевтик компанияларга 3 831,4  миң сом;

-Мамлекеттик кепилдик программасынын артыкчылыктуу дары-дармек менен камсыз кылуу кызматы боюнча келишим түзгөн фармацевтик компанияларга 33 413,8миң сом;

Ошондой эле, акы төлөнүүчү медициналык кызматтардын айрым түрлөрүн жана медициналыкэмес кызматтарды көрсөтүүдөн саламаттык сактоо уюмдарынын атайын эсептерине 2023-жылдын апрель айына карата 69 506,9 миң сом келип түшкөн, анын ичинде калктан кошумча төлөм каражаттары катары 56 937,0  миң сом.

ММК фонду республикалык бюджеттен жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинен келип түшкөнкаражаттардын чегинде саламаттык сактоо уюмдарын өз убагында каржылоону камсыз кылат