Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме. На сайте ведутся технические работы

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

Жарандарга амбулатордук денгээлде жарандардын айрым ооруларына жана айрым категорияларына акысыз дарылар берилет

Мамлекеттик кепилдик программасынын алкагында 90% чейин арзандатылган дары-дармектерге кимдер укуктуу?

  1. Параноиддик шизофрения менен ооругандар;
  2. Ар кандай генездеги аффективдүү бузулуулар  менен ооругандар;
  3. Талма оорусу менен ооругандар;
  4. Бронхиалдык астмасы менен ооругандар;
  5. Терминалдык баскычтагы онкологиялык оорулуулар.

МКПнын алкагында жеңилдетилген дары-дармектерди алуунун маанилүү шарты:

  1. Каттоодон өтүү жана үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда каттоодо туруу
  2. 14 -саны бар жеке идентификациялык номерге ээ болуу (ЖИН);  
  3. Бейтапты персонификациялоо милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын адистери тарабынан тез арада жүргүзүлүшү керек.

Жеңилдетилген дары каражаттардын тизмеси менен кайсы жактан таанышса болот?

ММК Фондунун сайтында http://foms.kg/ru/ «Жеңилдетилген дары каражаттар менен камсыздоо» рубрикасында  «Льготное лекарственное обеспечение»  «Электрондук жеңилдетилген рецепт» маалыматтык системасында амбулаториялык деңгээлде ММК КП  жана МКП боюнча компенсацияланган дары каражаттарынын Маалымдамасы бар.

Дарыкананын соода залында чекене бааларды көрсөтүү менен жеңилдетилген программалар боюнча сатылуучу дары каражаттардын тизмеси болушу керек! Бул баадан жогору дарыкана дары сатпашы керек!

«Льготное лекарственное обеспечение»

Эскерте кетсек, “Жеңилдетилген дары каражаттар менен камсыздоо” рубрикасынан Кыргызстандагы жеңилдетилген дары-дармектерди саткан дарыканалардын тизмеси менен таанышууга болот.

Айыл жеринде баңги каражаттарын, психотроптук жана күчтүү таасир этүүчү каражаттарды сатууга укугу бар дарыканалар жок болгон учурда, милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору же Жалпы дарыгерлик практика борборлору, терминалдык баскычтагы онкологиялык оорулар, параноиддик шизофрения, ар кандай генездеги аффективдүү бузулуулар, талма, бронхиалдык астма  ооруларын дары-дармек  жана медициналык буюмдар менен акысыз камсыздашса болот, Үй-бүлөлүк медицина борборунун же Жалпы медициналык практика борборунун бюджетинин эсебинен.

Жеңилдетилген рецепттерди жазып берүү алгоритми:

  1. Катталган жери боюнча үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылуу, консультация алуу. Эгерде көрсөтмө болсо, дарыгер электрондук рецепт жазып берет.
  2. Дарыгер Сизге электрондук рецепттин номерин берет.
  3. Электрондук рецептин  номерин алып  бейтап  Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду менен келишим боюнча иштеген дарыканага барат.
  4. Фармацевтке рецепттин номерин, ошондой эле 14-сандан турган номерин  (ЖИН) көрсөтүшү керек.  
  5. Эгерде жазып берген  дары жок болсо, анда фармацевт бул рецептти аткарылбагандай  кылып жабууга милдеттүү. Бейтап бул рецептин номери менен башка дарыканага кайрылат.  
  6. Дары-дармек дарыканада сатылаары менен фармацевт Сиз төлөгөн суммага туура келген сатуу квитанциясын берүүгө милдеттүү.

Маанилүү!

113 Шыр байланыш  номерине  кайрылуу менен, Сиз жеңилдетилген программа боюнча жазылган жана сатылган баардык дары  каражаттары жөнүндө, ошондой эле компенсациянын өлчөмүн жана дары-дармектерге төлөгөн сумманы билүүгө укуктуусуз!

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун кызматкери Сиз менен маалымат базасында көрсөтүлгөн телефон номери боюнча байланышып, рецепттин, дарынын берилгендигин, кошумча төлөмдүн суммасын жана башка маалыматтарды текшере/тактай алат.