Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме. На сайте ведутся технические работы

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

ММК фондунун 2022 жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары боюнча жургүзүлгөн иштер

2022-жылдын 9 айында ММК фондуна жарандардан 13768 кайрылуу келип түшкөн, анын ичинде 113 Шыр байланышына – 12582 кайрылуу; ММК фондунун аймактык башкармалыктарына – 113 оозеки кайрылуу, кат жүзүндө – 348, коомдук кабылдамага каттагандар – 457, электрондук - 203, on-line режиминде сайт аркылуу –65.

Кайрылуулардын негизги бөлүгү Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында медициналык кызмат алуу, кошумча төлөм төлөө, коронавирус, ММК полисин сатып алуу, жеңилдетилген дары-дармек менен камсыз кылуу, камсыздандыруу статусун текшерүү, гемодиализ кызматы ж.б. маселелер боюнча кеңеш суроо иретинде келип түшкөн кайрылуулар болуп эсептелет.

32 даттануу келип түштү, анын ичинде 15 (46%) тастыкталды. Бардык даттануулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө каралып чыкты. Даттанууларды карап чыгуунун жыйынтыктары боюнча төмөнкүдөй чаралар көрулдү: сын-пикир айтылды – 9 учурда; 6 учурда эскертүү берилди; 4 учурда сөгүш берилди; 1 учурда материалдык колдоо алынып салынды; 12 учурда этика боюнча комиссияда каралды, 3 учурда саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерине маалымдалды.

Баардык кайрылууларга телефон аркылуу консультациялар жана кат жүзүндө жооптор берилген, ошондой эле бейтаптарга специалистерден консультация алууга жана ооруканаларга жатууга жардам көрсөтүлгөн.