Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме. На сайте ведутся технические работы

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

ММК фондунун 2022 жылдын биринчи жарым жылдыгында жарандар менен жүргүзүлгөн иштери

Мамлекеттик кепилдиктер программасы, коронавирус, дары-дармек менен камсыз кылуунун кошумча программасы боюнча медициналык жардам алууда алардын укуктары жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатуу үчүн, медициналык кызмат көрсөтүү системасындагы көйгөйлөрдү аныктоо жана чечүү максатында, ММК фонду жана анын аймактык башкармалыктары тарабынан үзгүлтүксүз негизде коомчулук менен жолугушуулар уюштурулуп жана өткөрүлүп турат. 2022 жылдын 9-айында бардыгы болуп 599 жолугушуу уюштурулду жана өткөрүлдү, анын ичинен калк менен 243 жолугушуу, медициналык кызматкерлер менен 344 жолугушуу, бейөкмөт уюмдар менен жана айылдык ден-соолук комитеттери менен 12 жолугушуу өткөрүлдү. Республикалык жана жергиликтүү телеканалдар боюнча – 57 чыгып сүйлөө, радиодо – 25, басма сөздө – 33 жарыялоо болгон.

Фейсбуктан тышкары социалдык тармактарда дагы расмий аккаунттар бар - Instagram (https://www.instagram.com/foms_kg/) жана Telegram каналы (https://web.telegram.org/k/).

2022 жылдын 9-айында жалпысынан 279 пресс-релиз, 93 видео-релиз, 103 жаңылык материалдары даярдалып, социалдык тармактарга жайгаштырылды.

ММК фонду менен келишим боюнча иштеген бардык саламаттык сактоо уюмдарынын маалымат такталарында ММК фондунун Шыр байланыш кызматы тууралуу маалыматты чагылдырган плакаттар илинген.