Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме. На сайте ведутся технические работы

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

Бейтапка маалымат

ГЕМОДИАЛИЗГЕ ӨТКӨН БЕЙТАПКА ЭСКЕРТҮҮ

Гемодиализ – бөйрөктү алмаштыруучу, бөйрөк жетишсиздигинин натыйжасында бөйрөктүн функциясын жасалма түрдө алмаштыруу үчүн терапиянын колдонулат.

Гемодиализ процедурасы жумасына 3 жолу 4 сааттан жүргүзүлөт.

Бейтаптар ӨЗ ден соолугуна КАМ КӨРҮҮШҮ керек.

Бейтаптын укуктары:

  •  Менчигинин түрүнө жана жашаган жерине карабастан саламаттык сактоо уюмун эркин тандоо;
  • Бюджеттик программалык гемодиализ кызматтарын бекер алуу. Гемодиализдин ар бир сеансы үчүн 6500 сом өлчөмүндө төлөм республикалык бюджеттен мамлекеттик каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт;
  • Гемодиализ кызматын көрсөткөн саламаттык сактоо уюмдары бардык зарыл болгон лабораториялык жана инструменталдык изилдөөлөрдү (креатинин, мочевина, ЭКГ, УДИ ж.б.),  
  • керектелүүчү материалдар (шприц, салфетка, марля ж.б.),
  • дарылар (гемодиализ учурунда эпотин ж.б.)
  • гемодиализ кызматын көрсөтүү учурунда колдонулуучу медициналык буюмдар (стандарттык борбордук веналык катетер ж.б.) акысыз көрсөтүүгө милдеттүү.
  • Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2022-жылдын 27-декабрындагы №1498 буйругуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталга (КР ССМ УГ), Ош облустар аралык клиникалык ооруканасына (ООАКО), Жалал-Абад областтык клиникалык ооруканасына (ЖОКО) кайрылганда нефролог дарыгердин көрсөтмөсү менен, кан тамыр хирургдары программалык диализге (артериовеноздук фистула, артериовеноздук протездөөгө, «перманентеттик» туннелдик катетер) орнотуу Мамлекеттик кепилдик программасынын негизинде төмөнкү шарттарда жүргүзүлөт:

акысыз - эгерде сиздин амбулатордук деңгээлде жана стационарда социалдык абалыңызга жана негизги ооруңузга (клиникалык көрсөткүчкө) ылайык акысыз медициналык жардам алууга укугуңуз бар болсо.  Мисалы, сиз 1-2-топтогу мүмкүнчүлүгү чектелген адам болсоңуз (кант диабети ж.б. боюнча);

• Милдеттүү медициналык камсыздандыруу (ММК) боюнча камсыздандырылган статусуңуз болсо:

стационардык деңгээлде - орточо деңгээлдеги кошумча төлөмдү төлөйсүз,

амбулатордук деңгээлде - Прейскурант боюнча медициналык кызматтын наркынын 50 пайыз өлчөмүндө;

• эгерде сизде ММК статусу жок болсо:

    стационардык деңгээлде максималдуу деңгээлде кошумча төлөмдү төлөйсүз,

амбулатордук деңгээлде - Прейскурант боюнча.

Бейтаптын милдеттери:

  • Гемодиализ кызматын көрсөткөн саламаттык сактоо уюмдарында дарылоо режимин жана жүрүм-турум эрежелерин сактоо:

Дарыгердин сунуштарын так аткаруу. Белгиленген дарыларды дайыма ичиңиз. Дарыгердин көрсөтмөсүз дары-дармектерди кабыл алуудан баш тартууга жол берилбейт. Бул учурда, дарылоонун натыйжалуулугу үчүн жоопкерчилик бейтапка жүктөлөт.

• ар бир гемодиализ сеансына чейин жана андан кийин инсандыңызды жекелештирүү (идентификация) үчүн face-controlдон өтүү;

  • медициналык персоналдын жана жабдуулардын (“Жасалма бөйрөк аппаратынын”) ишине тоскоол болбоого;
  • ден-соолукка байланыштуу бардык көйгөйлөр, анын ичинде дары-дармектерге болгон аллергия жөнүндө дарыгерге билдирүүгө, тукум куучулугу бар болсо-ал жөнүндө так маалымат берүүгө;

• гемодиализ алуу мезгилинде алкоголдук, наркотикалык жана уулуу препараттарды колдонгон учур болсо - дарыгерге билдирүүгө;

• өздүк гигиена эрежелерин жана артериовеноздук фистулага (АВФ) кам көрүү эрежелерин сактоо;

• белгиленген убакытта кечикпестен процедурада  болуңуз. Гемодиализдин бир сеансын да өткөрүп жиберүү- бейтаптын ден соолугуна олуттуу терс кесепеттерге алып келиши мүмкүн, анын ичинде өлүмгө чейин. Белгиленген убакта гемодиализ процедурасына келүү мүмкүн болбосо, бул тууралуу саламаттык сактоо уюмуна билдирүүгө жана кийинки процедуранын убактысын макулдашууга тийишсиз;

• гемодиализ процедурасын баштоонун алдында таза кийимди кийүү;

• дарыгерге өз демилгеңиз менен башка саламаттык сактоо уюмуна кайрылганыңыз жана сиз жүргүзгөн изилдөөнүн натыйжалары жөнүндө билдирүүгө;

• медициналык персонал менен конфликттик кырдаалды түзбөө жана башка бейтаптарга сылык мамиле кылуу;

• бөлүмдүн мүлкүнө жакшы кам көрүү;

  • тазалыкты жана тартипти сактоо;

спирт ичимдиктерин, баңгизаттарды колдонбоңуз. Сиз мас абалында диализге келген учурда күтүүсүз жүрүм-турумунуз ар кандай кыйынчылыктарга алып келиши мүмкүн.

  •  Төмөнкү  диетаны так сактаңыз:

• өрүктү, жүзүмдү, инжирди, бананды, алчаны, шабдалыны, карагатты колдонууну чектөө;

• бардык маринаддарды, туздалган бадыраңдарды, консерваларды, быштактарды, эт жана козу карындын сорпосун, козу карындарды, буурчактарды, шоколадды, какаону, жаңгакты, шпинатты, кымыздыкты, кургатылган жемиштерди, ачуу тамактарды колдонбоңуз;

• суюктук суткасына - 700-800 мл ичсе болот (анын ичине шорпо, чай, суу кирет);

• тузду күнүнө 2 граммга чейин азайтыңыз, аны татымалдар, чөптөр, лимон менен алмаштыруу жакшы.

AВФга кам көрүү эрежелери:

• AВФ бар колдон артериалык басымын өлчөй албайсыз, уктаганда басып жата  албайсыз, салмактуу нерселерди көтөрбөйсүз, тар кийим, билерик, саат ж.б.у.с. ал колго тагынбайсыз;

• фистуланын веналарынан анализге кан алууга,  дары сайууга болбойт. Мунун баары фистулага кандын уюп калышынан коргойт жана анын узака жакшы иштешине өбөлгө түзөт.

    AВФ сиздин “өмүр сызыгыңыз”: ансыз гемодиализ менен дарылоо мүмкүн эмес, ошондуктан аны коргоо керек.

         Сунуштар же ички тартип эрежелери сакталбаган учурда, сизди көзөмөлдөгөн дарыгер саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси менен макулдашуу боюнча, эгерде бул бейтаптын өмүрүнө жана айланасындагыларга коркунуч келтирбесе, байкоо жүргүзүүдөн жана дарылоодон баш тарта алат.

   Эгерде Сиз дарыгердин көрсөтмөлөрүн жана сунуштарын системалуу түрдө бузган болсоңуз, гемодиализдин убактысын сактабасаңыз жана 20 күн бою жүйөлүү себептерсиз гемодиализге барбасаңыз, сиз бюджеттик программалык гемодиализден чыгарыласыз.

Гемодиализ бул өкүм эмес! Врачтын бардык көрсөтмөлөрүн аткарып, жогорудагы эрежелерди сактасаңыз, сиз узак, жигердүү өмүр сүрө аласыз.

Мен________________________________________

          (бейтаптын толук аты-жөнү)                                  

ушул эскертме менен таанышмым жана көрсөтүлгөн бардык нускамаларды аткарууга милдеттенем.

Мен________________________________________

   (БПГДга киргизүү үчүн арызды толтурган адамдын аты-жөнү)

таанышмын жана бейтаптын  кызыкчылыгын коргогон адам катары ушул баракчада баяндалган бардык көрсөтмөлөрдү бейтапка жеткирүүгө милдеттенем.

    ___________________________________________

(БПГДга киргизүү үчүн пациенттин же арызды толтурган адамдын колу)

"____" ________________ 202_ жыл