ММК полиси
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси: Алуу мүмкүнчүлүктөрү жана тартиби
Эгерде сизге медициналык жардамга муктаж болсоңуз, анда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, сиз аны алууга укугуңуз бар. Мунун бардыгы милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисинин болушу.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси жөнүнө ЖОБО
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси (мындан ары – ММК полиси) – бул милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасында ишке ашырылуучу мамлекеттик программалар боюнча медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү алуу укугун жана адамдын милдеттүү медициналык камсыздандырууга төгүмдөрдү бир жолку төлөгөндүгүн ырастоочу, камсыздандырылуу статусун берүүчү документ.
ММК полиси ММК фонду менен келишим боюнча иштеген республиканын бардык саламаттык сактоо уюмдарында колдонулат. Медициналык кызматтар Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында көрсөтүлөт.
ММК полисинин колдонуу мөөнөтү:
1. 12 календардык ай төмөнкүлөр үчүн белгиленет:
- Кыргыз Республикасынын жарандары;
- камсыздандырылбаган кош бойлуу аялдар – ММК фонду менен келишим боюнча иштеген саламаттык сактоо уюмдарында кош бойлуулугу боюнча каттоого турган Кыргыз Республикасынын жарандары;
- Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамдуу негизде жашап жаткан жана эмгек ишмердигин жүргүзгөн Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин эмгекчилеринин үй-бүлө мүчөлөрү;
- Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден келген эмгекчилердин үй-бүлө мүчөсү болуп саналган, Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамдуу жүргөн жана мыйзамдуу негизде эмгек ишмердигин жүргүзгөн, кош бойлуулугу боюнча ММК фонду менен келишим боюнча иштеген саламаттык сактоо уюмдарында каттоого турган кош бойлуу аялдар;
- Кыргыз Республикасынын жараны менен никеге турган чет өлкөлүк жарандыгы бар кош бойлуу аялдар;
- качкындар;
- Кыргыз Республикасында баш калка издеген адамдар;
- кайрылмандар;
- Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарында окуп жаткан чет өлкөлүк адамдар;
- «Мекен картасы» бар болгон учурда чет өлкөлүк жарандыгы бар мекендештер.
2. чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн колдонуу мөөнөтү 6 календардык айга жана колдонуу мөөнөтү 12 календардык айга жарактуулук мөөнөтү менен.
ММК төгүмдөрүн өз алдынча төлөгөн адамдардын ММК полисин сатып алуу тартиби.
ММК полисин тариздөө боюнча кадамдардын алгоритми:
1-кадам. Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу же ММК фондунун сайтынан www.foms.kg камсыздандырылгандык статусун текшерүү.
Статусу камсыздандырылган эмес болсо:
2-кадам. www.portal.tunduk.kg шилтемеси боюнча өтүңүз.
3-кадам. Авторизациялоо (авторизациялоо боюнча нускама электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында илинген).
4-кадам. «Саламаттык сактоо» бөлүмүнө кирүү.
5-кадам. «ММК полисин сатып алуу» шилтемесин басуу.
6-кадам. «Ырастоо» баскычын басуу.
7-кадам. Төлөө ыкмасын тандоо (мобилдик банкинг, мобилдик капчыктар ж.б. аркылуу).
8-кадам. «Төлөө» баскычын басуу.
9-кадам. «Төлөм ийгиликтүү жүргүзүлдү» деген билдирүү жана ММК полисинин каттоо номерин алуу.
ММК полисинин колдонулушу акы төлөнгөн күндөн тартып 5 календардык күн өткөндөн кийин башталат. ММК боюнча камсыздандыруу статусун ММК фондунун сайтынан www.foms.kg текшерсе болот
Адамдар (жарандар жана/же алардын өкүлдөрү) ММК полисин ММК фондунун аймактык башкармалыктарына кайрылып төмөнкү документтерди берүү менен тариздей алышат:
- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр болуп саналган, эмгекке жарамдуу куракка жеткен адамдар – Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту;
- Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин жарандары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү – белгиленген үлгүдөгү паспорт;
- Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин жарандарынын үй-бүлө мүчөлөрү – белгиленген үлгүдөгү паспорт, Кыргыз Республикасында берилген жеке идентификациялык номер, Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин жаранынын-үй-бүлө мүчөсүнүн иштеген жеринен маалым кат, никеге тургандыгы жөнүндө күбөлүк, ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн эмгекчилеринин 16 жашка чейинки балдары үчүн эмгекчи үй-бүлө мүчөсүнүн пайдасына камсыздандыруу төлөмдөрүнүн бар экендиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунан маалым кат, туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
- чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарында окуп жаткан чет өлкөлүк адамдар – белгиленген үлгүдөгү паспорт, Кыргыз Республикасында берилген жеке идентификациялык номер;
- качкындар жана Кыргыз Республикасында баш паанек издеген адамдар – жарандыгы жок адамдарга Кыргыз Республикасында туруктуу же убактылуу жашоого укук берүүчү документ же качкын же Кыргыз Республикасында баш паанек издеген адам деп таанылган адамдын ким экендигин ырастоочу документ, Кыргыз Республикасында берилген жеке идентификациялык номер;
- кайрылмандар – кайрылман деп таанылган адамдын ким экендигин ырастоочу документ же кайрылмандын күбөлүгү, Кыргыз Республикасында берилген жеке идентификациялык номер;
- чет өлкөлүк жарандыгы бар мекендештер «Мекен картасы» бар болгон учурда.
ММК полисинин 2024-жылга наркы төмөнкү өлчөмдө:
1. Кыргыз Республикасынын жарандарына, Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамдуу жүргөн жана мыйзамдуу негизде эмгек ишмердигин жүргүзгөн эмгекчилердин үй-бүлө мүчөлөрүнө, качкындарга жана Кыргыз Республикасында башпаанек издегендерге, кайрылмандарга жана «Мекен-карт» болгон учурда чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештерге колдонуу мөөнөтү 12 календардык айга 1840 сом өлчөмүндө;
2. Чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдарга колдонуу мөөнөтү 6 календардык айга 5955 сом өлчөмүндө жана колдонуу мөөнөтү 12 календардык айга 11910 сом өлчөмүндө;
3. Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарында окуп жаткан чет өлкөлүк жарандарга колдонуу мөөнөтү 12 календардык айга 11910 сом өлчөмүндө.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-сентябрындагы № 493 токтому менен бекитилген “Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча” Мамлекеттик кепилдиктер программасына (мындан ары – МКП) ылайык, cоциалдык статусу боюнча камсыздандырылган жарандар амбулатордук деңгээлде жана стационарларда медициналык жардамды акысыз жана жеңилдетилген шарттарда алууга укуктуу.
- Амбулаториялык деңгээлдеги баштапкы медициналык жардамдын базалык пакети төмөнкү медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү камтыйт жана акысыз көрсөтүлөт:
- Профилактика: ден соолукту сактоо жана чыңдоо боюнча иш-чараларды өткөрүү, сергек жашоо образын калыптандыруу; улуттук алдын алуучу эмдөөлөр календарынын чегинде жана эпидемиологиялык көрсөткүчтөргө ылайык иммунизация өткөрүү; эпидемияга каршы иштер (инфекция булактарында).
- Диагностика: врачтын кабыл алуусу жана консультациясы; зарыл болгон учурда медициналык манипуляцияларды жүргүзүү; базалык лабораториялык изилдөөлөр: кандын жалпы анализи (гемоглобин, лейкоциттер, эритроциттердин чегүү ылдамдыгы); зааранын жалпы анализи жана заара чөкмөсүнүн микроскопиясы; уретрадагы мазоктун микроскопиясы (заара чыгаруучу каналдын (уретранын) микрофлорасынын курамын аныктоо, ошондой эле трихомонад жана гонококк сыяктуу бир катар спецификалык козгогучтарды аныктоо); вагиналдык мазоктун микроскопиясы; какырык анализи (мазок микроскопиясы); кандын сывороткасындагы глюкозаны аныктоо; заарадагы глюкозаны аныктоо; кандын сывороткасындагы жалпы холестеринди аныктоо; электрокардиограмма; кандагы гликирленген гемоглобинди аныктоо (кант диабети менен ооруган пациенттерге-жылына 1 жолу). Кошумча пакетке кирген 42 лабораториялык-диагностикалык изилдөөлөр (гематологиялык, жалпы клиникалык, биохимиялык, иммунологиялык методдор), флюрография, эзофагогастродуоденоскопия акысыз көрсөтүлөт. Ультра үн изилдөөсү (ички органдарды, жамбашты жана бездерди) жана рентгенография (көкүрөк клеткасынын, ич көңдөйүнүн органдары, сөөктөрдү жана жумшак ткандарды) Баалардын прейскуранты боюнча медициналык кызматтын наркынан 50 % жеңилдик менен көрсөтүлөт.
- Дарылоо: кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүү, иммобилизация, медикаментоздук дарылоону дайындоо, медициналык буюмдарды бербестен медициналык инъекцияларды жасоо (кантамырга, булчуңга, тери алдына) акысыз көрсөтүлөт.
- Реабилитациялык жана физиотерапиялык жардам адистин жолдомосу болгон учурда жарандарга ҮМБ/ЖДПБларда 50 % жеңилдик менен көрсөтүлөт: гальванизация; электрофорез; ультра жогорку жыштык терапиясы (УЖЖ); ультра үн терапиясы; ультрафиолет нурлануусу.
- Стационарды алмаштыруучу жардам үчүн 50 % жеңилдик менен көрсөтүлөт.
- Дарыкана тармагы аркылуу 700дөн ашык аталыштагы дары каражаттары жеңилдетилген электрондук рецепттер менен 50 %га чейин жеңилдик менен жазылып берилет.
- Стационардык жардам.
- Шашылыш көрсөткүчтөр боюнча стационардык жардам өмүргө коркунуч келтирген абалдан чыгарылганга, гемодинамика жана дем алуу көрсөткүчтөрү турукташканга чейин бардык жарандарга акысыз көрсөтүлөт. Дары каражаттары жана медициналык буюмдар акысыз берилет. Андан кийин пациенттер стационарда пландуу дарылоого же амбулаториялык шарттарда дарылоого которулат.
- Пландуу стационардык жардам пациенттерге врачтардын госпиталдаштырууга жолдомосу болгон учурда көрсөтүлөт. Пландуу госпиталдаштырууда камсыздандырылган жарандар үчүн кошумча төлөмдүн түрлөрү: терапиялык жана хирургиялык профилде.
Пландуу стационардык дарылоодо кошумча төлөмдүн өлчөмдөрү
Кошумча төлөмдүн түрлөрү |
Республикалык стационарлардан башка стационарлар |
Республикалык стационарлар |
|
Терапиялык профилдеги кошумча төлөм |
Минималдуу деңгээл |
330 |
330 |
Орточо деңгээл |
840 |
1160 |
|
Максималдуу деңгээл |
8400 |
11170 |
|
Хирургиялык профилдеги кошумча төлөм |
Минималдуу деңгээл |
430 |
430 |
Орточо деңгээл |
1090 |
1510 |
|
Максималдуу деңгээл |
9170 |
14310 |
МКП боюнча жаран социалдык статусу боюнча жана клиникалык көрсөткүчтөрү боюнча жарандардын категорияларына кирбесе, анда кошумча төлөм төлөшөт. Социалдык статусу боюнча жарандардын категориялары (жылына экиден ашык пландуу госпиталдаштыруу (6 жашка чейинки курактагы балдарды кошпогондо) оорунун профилине жараша орточо деңгээлдеги кошумча төлөм төлөнөт). 70 жашка чейинки курактагы пенсионерлер жана III-топтогу ДМЧАдар минималдуу деңгээлдеги кошумча төлөмдү төлөшөт.
Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооруган пациенттер саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда комиссиядан өткөн шартта программалык гемодиализ боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү акысыз алат.