Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме. На сайте ведутся технические работы

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

ММК фондунун 2023 жылдын биринчи жарым жылдыгында жарандардын кайрылуулары боюнча жургүзүлгөн иштер

ММК фондунун 2023 жылдын  биринчи жарым жылдыгында жарандардын кайрылуулары боюнча жургүзүлгөн иштер 

2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында ММК фондуна жарандардан 14671 кайрылуу келип түшкөн, анын ичинде 113  Шыр байланышына–13560 кайрылуу; ММК фондунун аймактык башкармалыктарына – 174 оозеки кайрылуу, кат жүзүндө – 456, коомдук кабылдамага каттагандар – 294, электрондук - 91, on-line режиминде сайт аркылуу –96.

Кайрылуулардын негизги бөлүгү Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында медициналык кызмат алуу, кошумча төлөм төлөө, коронавирус, ММК полисин сатып алуу, жеңилдетилген дары-дармек менен камсыз кылуу, камсыздандыруу статусун текшерүү, гемодиализ кызматы ж.б. маселелер боюнча кеңеш суроо иретинде келип түшкөн кайрылуулар болуп эсептелет. 

37 даттануу келип түштү, анын ичинде 15 (41%) тастыкталды. Бардык даттануулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө каралып чыкты.  Даттанууларды карап чыгуунун жыйынтыктары боюнча төмөнкүдөй чаралар көрулдү: 6 учурда сөгүш берилди; 7 учурда эскертүү берилди; 28учурда этика боюнча комиссияда каралды, 8 медициналык кызматкер кызматынан бошотулду, 1 учурда материалдык колдоо алынып салынды; 6 учурда саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерине маалымдалды.

Баардык кайрылууларга телефон аркылуу консультациялар жана кат жүзүндө жооптор берилген, ошондой эле бейтаптарга специалистерден консультация алууга жана ооруканаларга жатууга жардам көрсөтүлгөн.