БЧОС 2026- жылга программалык негизде бюджетинин долбоорун жана 2027-2030 жылыдарга болжол долбоору
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2026-жылга программалык негизде бюджетинин долбооруна жана 2027-2030-жылдарга болжолуна карата
ТҮШҮНДҮРМӨ КАТ
2025-жыл Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун өнүктүрүүнүн башталган жаңы этабынын уландысы болуп саналат, ал үй-бүлөлүк медицина институтун андан ары өнүктүрүүнү, медициналык кызмат көрсөтүү системасын реструктуризациялоону, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасынын шарттарында ишти өркүндөтүүнү, калктын муктаждыктарына көңүл буруу менен саламаттык сактоо системасын акырындык менен өнүктүрүүнү, адилеттүүлүктүн жалпы адамзаттык принциптерине жетишүүнү, бейтаптар үчүн финансылык оорчулукту азайтууну камтыган масштабдуу кайра түзүүлөргө багытталган, көрсөтүлүүчү медициналык жана профилактикалык кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу.
Стратегиялык максаттар жана милдеттер
"Саламаттык сактоо" секторунун негизги стратегиялык максаты - республиканын калкын Милдеттүү медициналык камсыздандыруу менен толук камтуу, кепилденген социалдык стандарттардын негизинде саламаттык сактоо кызматтарын көрсөтүүнүн ийкемдүү, натыйжалуу, комплекстүү, интеграцияланган системасын түзүү жолу менен калктын ден соолугунун абалын жакшыртуу, ошондой эле ар бир жарандын, үй-бүлөнүн, коомдун, мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын ар бир адамдын жана бүтүндөй коомдун саламаттыгы үчүн жоопкерчилигин жогорулатуу.
Негизги стратегиялык максатка жетүү үчүн, сектор, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин (мындан ары – КР ССМ) көмөгү менен өнүктүрүүнүн стратегиялык тармактык багыттары боюнча багытталган төмөнкү негизги милдеттерди аткарат:
- Ресурстарды адилеттүү, бирдей бөлүштүрүүнү жана мамлекеттик милдеттенмелердин тең салмактуулугун камсыз кылуучу саламаттык сактоону каржылоонун туруктуу, натыйжалуу интеграцияланган системасын түзүү;
- стационарларда ЖКК боюнча дарыланган учурларга төлөөнү андан ары өркүндөтүү жана оптималдаштыруу, дарыланган учурлар боюнча стационарлардын бюджетин түзүүгө өтүүнү автоматташтыруу;
- Саламаттык сактоо уюмдарынын башкаруучулук жана финансылык өз алдынчалыгын күчөтүү, көрсөтүлгөн медициналык кызматтын сапаты үчүн алардын жоопкерчилигин жогорулатуу;
- Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасы боюнча калктын жеткиликтүүлүгүн амбулаториялык деңгээлде жогорулатуу;
- оң жана терс мүнөздөгү финансылык чараларды колдонуу менен медициналык-санитардык жардамдын жана башка медициналык кызматтардын сапатын жакшыртуу;
- медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн азыркы системасын оптималдаштыруу;
- Кызмат көрсөтүүчүлөр тарабынан көрсөтүлүүчү профилактикалык, медициналык жана фармацевттик кызматтардын сапатын контролдоону өркүндөтүү;
- Калкты милдеттүү медициналык камсыздандыруу менен камтууну кеңейтүү;
- Ресурстарды адилеттүү, бирдей бөлүштүрүүнү жана мамлекеттик милдеттенмелердин тең салмактуулугун камсыз кылуучу саламаттык сактоону каржылоонун туруктуу, натыйжалуу интеграцияланган системасын түзүү;
- Саламаттык сактоо уюмдарынын башкаруучулук жана финансылык өз алдынчалыгын күчөтүү, көрсөтүлгөн медициналык кызматтын сапаты үчүн алардын жоопкерчилигин жогорулатуу;
- Мамлекеттик кепилдиктер программасы (МКП) жана амбулатордук деңгээлде Милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча дары-дармек менен жеңилдетилген камсыздоо программаларынын калк үчүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу;
- Медициналык-санитардык жардамдын жана башка медициналык кызматтардын сапатын жакшыртуу;
- Медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн азыркы системасын сактоо жана оптималдаштыруу;
- Кызмат көрсөтүүчүлөр тарабынан көрсөтүлүүчү профилактикалык, медициналык жана фармацевттик кызматтардын сапатын контролдоону өркүндөтүү;
- Калкты милдеттүү медициналык камсыздандыруу менен камтууну кеңейтүү;
- Медициналык жана башка кызматтардын сапатына жарандардын канааттануусун изилдөөнү жүргүзүү;
- Саламаттык сактоо системасынын ийкемдүүлүгүн жана ачыктыгын жогорулатуу;
- Сатып алуучу менен медициналык кызмат көрсөтүүчүнүн функцияларын бөлүүгө негизделген саламаттык сактоо системасында рыноктук механизмдерди жана экономикалык өз ара мамилелерди өнүктүрүү;
Күтүлгөн натыйжалар 2018-2040 - жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын, 2019-2030-жылдарга калктын саламаттыгын сактоо жана саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Дени сак адам-гүлдөгөн өлкө" программасынын артыкчылыктарына жана максаттарына жетүүгө, туруктуу өнүктүрүү максаттарына (ТӨМ) негизделген.
Өнүктүрүүнүн көрсөтүлгөн багыттары орто мөөнөттүү мезгилге артыкчылыктуу багыттар катары каралат. Алардын негизинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (мындан ары - ММК фонду) бюджеттик чыгымдардын программасын түзөт.
Бюджеттик чыгымдар программасы
ММК фондунун бюджеттик чыгымдарынын орто мөөнөттүү стратегиясы 4 программаны камтыйт:
- Башкаруу жана административдик көзөмөл.
- Баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү.
- Саламаттык сактоо уюмдары тарабынан стационардык деңгээлде кызмат көрсөтүү.
- Милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасынын каржылык туруктуулугун камсыздоо, саламаттык сактоо уюмдарын колдоо, өнүктүрүү жана стимулдаштыруу.
Программа 1. 1. Башкаруу жана административдик көзөмөл
Программанын максаттары:
Бирдиктүү төлөөчү катары ММК Фондун институттук күчөтүү. Башка программаларды ишке ашырууга координациялык жана уюштуруучулук таасир этүү.
Программаны орто мөөнөттүү мезгилде ишке ашыруунун күтүлүүчү натыйжалары:
- Камсыздандыруу чыгымдарына жумуш берүүчү да, кызматкер да катышкан системаны ишке ашыруу.
- Медициналык камсыздандыруунун бирдиктүү уюштуруучулук финансылык моделин киргизүү.
- Тилектештик принцибин сактоо.
- Санариптештирүүнүн алкагында жүргүзүлгөн иштер жөнүндө маалымат берүү форматын киргизүү.
Учурдагы кырдаал, проблематика жана прогресс
Саламаттык сактоо системасынын натыйжалуулугу негизинен каржылоо моделесин тандоого байланыштуу болуп, анда жыйынтыкка жараша төлөө механизми («акча бейтаптын артынан ээрчийт» принциби) жана дотациялык механизмдерди колдонбостон медициналык жардам үчүн төлөм каралат.
- 2024-жылдын 1-июлунан тартып бюджеттик каражаттардын Төлөөчүсү Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги болуп саналат.
- 2024-жылдын 1-июлунан тартып Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ) милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынын Төлөөчүсү болуп саналат.
- 2025-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасында камсыздандырылган жарандардын дарыланган учурларынын чыныгы санына жараша ММК каражаттары аркылуу каржылоо механизми киргизилди. Бул чара медициналык уюмдардын жоопкерчилигин жогорулатууга, башкаруу жана каржы жагынан өз алдынчалуулугун күчөтүүгө өбөлгө түзүп, жарандардын медициналык жардам алуу укугун ишке ашырууну камсыз кылат.
- Бул мезгилдин эң маанилүү жаңы ыкмалары төмөнкүлөр болуп саналат:
- медициналык жардамды жеңилдетилген шарттарда көрсөтүүнүн түрлөрүн, формаларын жана шарттарын, ошондой эле жарандардын саламаттыкты сактоо тармагындагы укуктарын аныктоо;
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу (ММК) каражаттарынын эсебинен көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын көлөмдөрүн жана шарттарын иштеп чыгуу жана бекитүү;
- медициналык жардам үчүн төлөөнүн натыйжалуу ыкмаларына өтүү (амбулатордукполиклиникалык жардам үчүн жан башына норматив боюнча, стационардык жардам үчүн – клиникалык-чыгым тобуна негизделген дарыланган учурдун базалык ставкасы боюнча төлөө);
- КЧТ (клиникалыкчыгым топтору) жаңы моделин киргизүү, КЧТ топторунун санын 600гө чейин көбөйтүү жана дарыланган учурлар үчүн төлөмдү реанимациялык иш-чаралардын колдонулушун, диагноздун татаалдыгын, госпитализациянын узактыгын ж.б. эске алуу менен жүргүзүү;
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу (ММК) каражаттарынын эсебинен стационардык жана баштапкы медициналыксанитардык жардам көрсөткөн саламаттык сактоо уюмдарында медициналык жардамдын сапатын баалоонун жыйынтыктары боюнча медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн оң жана терс каржылык таасир берүүчү механизмдерди киргизүүгө багытталган бир катар ири масштабдагы долбоорлорду ишке ашыруу.
2025-жылы ММК Фонду тарабынан Бирдиктүү төлөөчү системасында иш алып барган 137 саламаттык сактоо уюму менен ММК каражаттарынын эсебинен Мамлекеттик кепилдиктер программасын (МКП) ишке ашыруу боюнча келишимдер түзүлгөн. Мындан тышкары, ММК Фонду тарабынан 161 фармацевтикалык кызмат көрсөтүүчүлөр менен милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасын амбулатордук деңгээлде ишке ашыруу боюнча келишимдер түзүлдү.
Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдары
Саламаттык сактоо уюмдары |
2024 ж. |
2025 ж. |
Үй-бүлөлүк медицина борборлору |
21 |
25 |
Стационарлар |
31 |
35 |
Жалпы дарыгердик практика борборлору |
57 |
57 |
Кургак учукка каршы уюмдар |
15 |
10 |
Адистештирилген саламаттык сактоо уюмдары |
9 |
10 |
ММКнын Базалык программасы боюнча иштеген саламаттык сактоо уюмдары |
2 |
|
ММКнын Базалык программасы боюнча иштеген жеке саламаттык сактоо уюмдары |
1 |
|
Стоматологиялык поликлиникалар |
12 |
|
Шашылыш медициналык жардам станциялары |
2 |
|
Гемодиализ борборлору |
37 |
|
Баардыгы |
187 |
137 |
Жалпысынан республика боюнча калкты милдеттүү медициналык камсыздандыруу менен камтуунун өсүшү байкалууда. 2024-жылга Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет элдик жарандарга жана Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу же убактылуу жашаган жарандыгы жок адамдарга ММК Полистерин сатуу боюнча божомолдуу план бекитилген. Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн план 266 947 полисти, чет элдик жарандар үчүн — 31 566 полисти түзгөн.
2024-жылдын жыйынтыгы боюнча республика боюнча жалпысынан 151 127 ММК Полиси 474 911 352 сомго сатылган. Анын ичинде: милдеттүү медициналык камсыздандыруу үчүн өз алдынча төлөм жүргүзгөн жарандар – 122 630 адам; Кыргыз Республикасынын аймагында убактылуу жүргөн чет элдик жарандар – 28 473 адам; кайрылмандар – 24 адам. Мындан тышкары, камсыздандырылбаган кош бойлуу аялдарга 62 234 ММК Полиси сатылган. ММК Полистерин сатуу боюнча жалпы республикалык планды аткаруу 49,6 %ды түздү, анын ичинде: өз алдынча ММКга төлөм жүргүзгөн жарандар – 45,9 %; Кыргыз Республикасында убактылуу жашаган чет элдик жарандар – 75,2 %.
Салыштырмалуу, 2023-жылы жалпы 67 165 ММК Полиси сатылган, анын ичинде:
милдеттүү медициналык камсыздандыруу үчүн өз алдынча төлөм жүргүзгөн жарандар – 62 070 адам; Кыргыз Республикасынын аймагында убактылуу жүргөн чет элдик жарандар – 5 084 адам; кайрылмандар – 9 адам; качкындар жана башка мамлекеттерден башпаанек издеген, КР Миграция кызматы тарабынан берилген качкын күбөлүгүнө ээ болгон адамдар – 2 адам. Мындан тышкары, камсыздандырылбаган кош бойлуу аялдарга 55 670 ММК Полиси сатылган.
2023-жылдын апрель айында «Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилген, ага ылайык Кыргыз Республикасындагы билим берүү уюмдарында окуган жана эмгектенген чет өлкөлүк жарандар милдеттүү медициналык камсыздандырууга тартылууга тийиш. 2024-жылы республика боюнча билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзгөн 61 жогорку окуу жай иш алып барган. ММК Фондунун аймактык башкармалыктарынын маалыматы боюнча, аларда жалпы 33 083 чет элдик студент окуган. Бул окуу жайлардын бардыгы ММК Фонду менен келишимдерди түзүшкөн. 2024-жылы 23 049 чет элдик студент ММК Полисин сатып алган, бул 72,6%ды түзөт. Бирок 2023–2024-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча жалпысынан 28 295 ММК Полиси сатылып, бул пландалган көрсөткүчтүн 85,5%ын түздү. Жетишилген камтуунун деңгээли чет элдик студенттерди милдеттүү медициналык камсыздандыруу менен камсыз кылуу боюнча коюлган тапшырманын ийгиликтүү аткарылып жатканын тастыктайт.
СЭМБнын (Саламаттык сактоо электрондук маалымат базасынын) маалыматына ылайык, 2025-жылдын 11-апрелине карата ҮМБ/ҮДТ катталган жарандардын саны төмөнкүнү түзөт.
ҮМБ/ҮДТга катталган жарандардын саны
|
|
2022 г. |
|
|
2023 г. |
|
Баардыгы |
анын ичинде камсыздан дырылгандар |
камсыз дандыр ылганд ардын % |
Баардыгы |
анын ичинде камсызданд ырылгандар |
камсы зданды рылган дардын % |
|
Бишкек |
1 218 712 |
850 598 |
69,8% |
1 226 230 |
847 640 |
69,1% |
Чуй |
1 094 345 |
780 140 |
71,3% |
1 107 821 |
785 147 |
70,9% |
Ош |
1 691 929 |
1 205 429 |
71,2% |
1 700 256 |
1 207 007 |
71,0% |
Баткен |
560 633 |
388 768 |
69,3% |
563 717 |
389 609 |
69,1% |
Жалал-Абад |
1 241 276 |
877 177 |
70,7% |
1 249 052 |
878 113 |
70,3% |
Ысык-Көл |
487 931 |
351 758 |
72,1% |
488 869 |
349 721 |
71,5% |
Нарын |
272 449 |
210 765 |
77,3% |
273 942 |
210 590 |
76,8% |
Талас |
253 314 |
174 684 |
69% |
255 108 |
173 755 |
68,1% |
Республика |
6 820 589 |
4 839 319 |
70,1% |
6 864 995 |
4 841 582 |
70,5% |
Аталган программанын алкагында ММК фонду 2 бюджеттик чараны аткарууну пландаштырууда:
1) Борбордук деңгээлде тармакты башкаруу жана администрациялоо.
2) Региондук деңгээлде администрациялоо.
Жогоруда аталган бюджеттик чаралардын алкагында бардык аракеттерди төмөнкүлөргө багыттоо пландалууда:
- Бирдиктүү төлөөчү системасынын бюджетин түзүүнүн, бекитүүнүн жана аткаруунун ачык-айкын системасын камсыз кылуу;
- Сапатты баалоонун жыйынтыктарынын негизинде көрсөтүлгөн медициналык кызматтардын көлөмү менен түрлөрүнүн сапатын жакшыртуу үчүн оң жана терс каржылык чараларды колдонуу.
- Клиникалык процесстерди жана иштин жыйынтыктарын жакшыртуу, бейтаптардын коопсуздугун камсыздоо жана медициналык кызматтарга болгон канааттануусун жогорулатуу багытында саламаттык сактоо уюмдарын стимулдаштыруунун жаңы ыкмаларына өтүү.
- Медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын контролдоо системасын медициналык жардам көрсөтүүнүн деңгээлдери боюнча айырмалоо менен өркүндөтүү. (БМСЖ, ҮДБ, ШБ/АБ, Улуттук борборлор).
- Саламаттык сактоо уюмдарынын башкаруучулук жана экономикалык автономиясын өнүктүрүү;
- Баштапкы медициналык-санитардык жардамдын (БМСЖ)ролун күчөтүү;
- Сапатты контролдоо системасында маалыматтык технологияларды колдонуу, электрондук рецептти киргизүү.
- Медициналык кызматтарды алуу процессинде 113 Ишеним телефону аркылуу кайтарым байланыш механизмин институционалдаштыруу.
- МКПны ишке ашырууга жеке медициналык кызмат көрсөтүүчүлөрдү тартуу.
Бюджеттик чараларды ишке ашыруу болжолдойт:
- Милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасын түзүү жана бекемдөө;
- Милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарын, ММК полисин сатуудан түшкөн каражаттарды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка кирешелерди Бирдиктүү төлөөчү системасында натыйжалуу пайдаланууну жогорулатуу максатында консолидациялоо;
- Кыргыз Республикасынын жарандарына медициналык-санитардык жардам көрсөтүү боюнча мамлекеттик медициналык камсыздандыруу системасын МКП менен интеграциялоо;
- медициналык кызматтардын түрлөрү боюнча акы төлөөнүн бирдиктүү ченемдерин иштеп чыгуу жана бекитүү.
Программа 2. Баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү
Программанын максаттары:
БМСЖ деңгээлинде ооруларды эрте аныктоо, диагностикалоо, медициналык жана профилактикалык жардам көрсөтүүнүн сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатуу.
Программаны орто мөөнөттүү мезгилде ишке ашыруунун күтүлүүчү натыйжалары:
- Республиканын калкына БМСЖ деңгээлинде базалык медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;
- Республикадагы камсыздандырылган калкты ММК чегинде жеңилдетилген дары-дармектер менен камсыздоого жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу.
- Калкка Мамлекеттик кепилдиктер программасынын (МКП) көлөмүнөн тышкары акы төлөнүүчү медициналык кызматтарды көрсөтүү;
- Калкка медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында үй-бүлөлүк дарыгерлер топторун Иштин сапаты боюнча максаттуу көрсөткүчтөргө жеткени үчүн стимулдаштыруу аркылуу (Жыйынтыкка багытталган Программанын алкагындагы иш-чаралар) камсыз кылуу.
Учурдагы кырдаал, проблематика жана прогресс
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген МКП жарандардын жеңилдетилген шарттарда медициналык жана башка кызматтарды алууга укуктарын ишке ашыруунун негизги таасирдүү механизмдеринин бири болуп саналат. Медициналык жардам көрсөтүү боюнча мамлекеттин милдеттенмелеринин жана бул үчүн бөлүнүүчү финансылык каражаттардын тең салмактуулугу МКПнын маанилүү шарты болуп саналат.
МКП ММК фондунун бюджетинин каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасында жарандарга медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн түрлөрүн, көлөмдөрүн жана шарттарын билдирет.
Бул программа ишке ашырылган учурдан тартып социалдык жана медициналык көрсөткүчтөр боюнча жеңилдиктери бар адамдардын категорияларынын саны 30дан 56га көбөйдү.
Ошондой эле МКП Кыргыз Республикасынын жарандарынын менчигинин түрүнө карабастан ушул Программаны ишке ашырууга катышкан саламаттык сактоо уюмдарында медициналык-санитардык жардам алууга укуктарын ишке ашырууну камсыз кылат.
МКПны ишке ашырууга калкка амбулатордук жана стационардык жардам көрсөтүүчү жана ММК Фонду менен Бирдиктүү төлөөчү системасында медициналык жардам көрсөтүүгө келишим түзгөн уюмдар катышат.
2024-жылы республика боюнча амбулаториялык баруулардын саны 2023-жылга салыштырмалуу 1,1% га азайган, бул 12 547 411 барууларды түзгөн. Баруулардын санынын азайышы Бишкек шаарынын, Ош шаарынын, Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустарынын БМСЖ саламаттык сактоо уюмдарында белгиленет.
БМСЖ саламаттык сактоо уюмдарына баруулардын саны
(КР ССМ электрондук саламаттык сактоо борборунун маалыматы боюнча)
Регион |
БМСЖ саламаттык сактоо уюмдарына баруулардын саны |
|
2023 ж. |
2024 ж. |
|
Бишкек ш. |
3 696 477 |
3 981 725 |
Чуй облусу |
1 329 637 |
962 642 |
Ош облусу |
1 636 492 |
1 615 661 |
Ош ш. |
993 220 |
1 096 049 |
Баткен облусу |
953 210 |
1 052 829 |
Жалал-Абад облусу |
2 115 244 |
2 013 400 |
Ысык-Көл облусу |
864 908 |
797 434 |
Нарын облусу |
717 401 |
645 773 |
Талас облусу |
243 864 |
247 765 |
ККЛБКР |
135 513 |
134 133 |
Республика |
12 685 966 |
12 547 411 |
2024-жылы үйгө баруулардын саны 2023-жылга салыштырмалуу 22,7% га азайган, бул БМСЖ ишинин профилактикалык багытынын күчөшүнүн далили болуп саналат жана 469 663 барууну түзгөн (2023 – жылы-607 743 үйгө баруу).
БМСЖ саламаттык сактоо уюмдардын үйүнө баруулардын саны
(КР ССМ электрондук саламаттык сактоо борборунун маалыматы боюнча)
|
үйүнө баруулардын саны |
|
2023 ж. |
2024 ж. |
|
Бишкек ш. |
158 688 |
159 031 |
Чуй облусу |
40 747 |
27 027 |
Ош облусу |
108 781 |
58 631 |
Ош ш. |
59 483 |
50 991 |
Баткен облусу |
23 607 |
20 392 |
Жалал-Абад облусу |
126 397 |
78 561 |
Ысык-Көл облусу |
59 827 |
47 656 |
Нарын облусу |
16 365 |
16 187 |
Талас облусу |
11 233 |
8 400 |
ККЛБКР |
2 615 |
2 787 |
Республика |
607 743 |
469 663 |
2024-жылы саламаттык сактоо уюмдарында Баалоо картасын колдонуу менен медициналык жардамдын сапатын баалоонун жыйынтыктары.
Баалоо картасын колдонуу менен медициналык жардамдын сапатына баа берүү баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөткөн 77 саламаттык сактоо уюмундарында, анын ичинде 56 Жалпы дарыгерлик практикалык жана 21 Үй-бүлөөлүк борборунда жүргүзүлгөн. Медициналык кызмат көрсөөтүүнүн сапатын баалоонун натыйжалары балл менен бааланат, баалоо картасындагы баллдардын максималдуу саны 1000 балл же сапат критерийлерине 100% шайкеч келет.
Республикадагы БМСЖ уюмдарындагы сапат көрсөткүчтөрү (%)
|
Регионы |
1 ж/ж 2024г. |
2 ж/ж 2024г. |
1 |
Бишкек ш. |
83,7 |
83,8 |
2 |
Баткен облусу |
49,7 |
54,7 |
3 |
Жалал-Абад облусу |
52,2 |
57,0 |
4 |
Ыссык-Көл облусу |
64,9 |
59,3 |
5 |
Нарын облусу |
55,3 |
56,6 |
6 |
Ош облусу |
72,1 |
70,0 |
7 |
Талас облусу |
48,2 |
49,1 |
8 |
Чуй облусу |
80,0 |
76,7 |
|
Республика |
63,3 |
63,4 |
Саламаттык сактоо уюмдарында баштапкы медициналык-санитардык жардамдын (БМССЖ) сапатын баалоонун жыйынтыктары боюнча, республика боюнча орточо сапат көрсөткүчү мурунку деңгээлде калган (2024-жылдын II жарым жылдыгы – мүмкүн болгон 100%дан 63,4%, I жарым жылдыгы – 63,3%). Медициналык кызматтардын бекитилген клиникалык протоколдорго шайкештигинин салыштырмалуу жогорку көрсөткүчтөрү Бишкек шаарынын БМССЖ уюмдарында – 83,8% жана Чүй облусунда – 76,7% түздү. Ал эми Талас облусунда – 49,1%, Баткен облусунда – 54,7% жана Нарын облусунда – 56,6% деңгээлинде болуп, орточо республикалык көрсөткүчтөн төмөн экени белгиленди.
БМССЖ уюмдарынын арасында эң төмөнкү сапат көрсөткүчү Ош облусунун Папан Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда (ҮДБ) байкалган – 41,5%. Аталган ҮДБда медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты төмөнкү категориялар боюнча абдан төмөн деңгээлде экени аныкталган: «Кош бойлуу аялдарга көрсөткөн кызматтардын сапаты» – мүмкүн болгон 100%дан 21,4%, «Кант диабети менен ооруган бейтаптарга көрсөтүлгөн кызматтардын сапаты» – 29%, «5 жашка чейинки балдарга көрсөтүлгөн кызматтардын сапаты» – 30%, «ФАП деңгээлиндеги кызматтардын сапаты» – 42,9%. Кош бойлуу аялдарга көрсөткөн кызматтардын сапаты, кант диабети менен ооруган бейтаптарга жана 5 жашка чейинки балдарга көрсөтүлгөн кызматтар клиникалык протоколдорго шайкеш келбейт. Ошондой эле, жалпы дарыгердик практикадагы адистердин кош бойлуу аялдарга жана кант диабети менен жабыркаган бейтаптарга шашылыш медициналык жардам көрсөтүү боюнча билими төмөн деңгээлде экени белгиленген.
Ош облусунда сапат көрсөткүчтөрү төмөн болгон айрым БМСЖ уюмдары менен бирге, жогорку натыйжаларды көрсөткөн уюмдар да бар. Атап айтканда, Өзгөн Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору – 86,5% жана Куршаб Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору – 77,7% сапат индекси менен айырмаланган.
Категориялар боюнча сапат критерийлери (%)
Категориялар |
1 ж/ж 2024 ж. |
2 ж/ж 2024 ж. |
ҮДБ/ЖДПБ администрациясынын ишинин сапаты жана өзүн-өзү баалоосу |
63,9 |
62,7 |
ҮДТда ресурстарды башкаруу |
68,6 |
71,9 |
5 жашка чейинки балдарга кызмат көрсөтүүнүн сапаты |
67,0 |
67,8 |
Кош бойлуу аялдарды башкаруу кызматтарынын сапаты |
67,1 |
65,4 |
Гипертония менен ооруган бейтаптарга кызмат көрсөтүүнүн сапаты |
61,8 |
62,0 |
Кургак учук менен ооруган бейтаптарга кызмат көрсөтүүнүн сапаты |
50,2 |
52,7 |
Кант диабети менен ооруган бейтаптарга кызмат көрсөтүүнүн сапаты |
68,7 |
71,5 |
ФАП деңгээлиндеги кызматтардын сапаты |
52,2 |
45,5 |
Республика боюнча БМСЖ уюмдарында Баалоо картасындагы төмөнкү категориялар боюнча сапат көрсөткүчтөрүндө анча чоң эмес оң динамика байкалган:
– «Жалпы дарыгерлик практикадагы ресурстарды башкаруу» категориясы боюнча – 68,6%дан 71,9%га чейин;
– «5 жашка чейинки балдарга көрсөтүлгөн кызматтардын сапаты» – 67%дан 67,8%га чейин;
– «Гипертония оорусу менен жабыркаган бейтаптарга көрсөтүлгөн кызматтардын сапаты» – 61,8%дан 62%га чейин;
– «Туберкулез менен ооругандарга көрсөтүлгөн кызматтардын сапаты» – 50,2%дан 52,7%га чейин;
– «Кант диабети менен ооругандарга көрсөтүлгөн кызматтардын сапаты» – 68,7%дан 71,5%га чейин.
Сапат индексинин эң жогорку көрсөткүчү «Жалпы дарыгерлик практикадагы ресурстарды башкаруу» категориясы боюнча – 71,9%ды түзсө, эң төмөнкү көрсөткүч «ФАП деңгээлиндеги кызматтардын сапаты» категориясында – 45,5% болду.
|
Региондун аталышы |
ҮДБ/ ЖДПБ администрациясынын ишинин сапаты |
ҮДТда ресурстарды башкаруу |
5 жашка чейинки балдарга көрсөтүлгөн кызматтардын сапаты |
Кош бойлуу аялдарды кароо боюнча кызматтардын сапаты 4o
|
Гипертония оорусу менен жабыркаган бейтаптарга көрсөтүлгөн кызматтардын сапаты
|
Кургак учук оорусу менен жабыркаган бейтаптарга көрсөтүлгөн кызматтардын сапаты |
Кант диабети менен ооругандарга көрсөтүлгөн кызматтардын сапаты |
ФАП деңгээлинде көрсөтүлгөн кызматтардын сапаты
|
1 |
Бишкек ш. |
92,4 |
98,0 |
77,0 |
86,5 |
79,9 |
82,2 |
84,2 |
|
2 |
Баткен обл. |
56,0 |
67,8 |
78,1 |
55,9 |
47,3 |
26,3 |
60,7 |
19,0 |
3 |
Жалал-Абад обл. |
48,2 |
77,5 |
70,2 |
66,3 |
54,6 |
30,4 |
57,8 |
43,4 |
4 |
Ыссык-Көл обл. |
69,7 |
79,5 |
51,5 |
60,6 |
60,8 |
37,6 |
75,6 |
52,9 |
5 |
Нарын обл. |
56,8 |
52,1 |
61,8 |
49,1 |
61,4 |
45,0 |
70,2 |
46,2 |
6 |
Ош обл. |
78,2 |
73,4 |
68,0 |
70,0 |
69,0 |
77,0 |
65,0 |
64,0 |
7 |
Талас обл. |
34,4 |
59,9 |
65,5 |
57,2 |
43,6 |
32,2 |
65,3 |
22,9 |
8 |
Чуй обл. |
65,5 |
67,1 |
70,1 |
77,2 |
79,4 |
90,5 |
93,0 |
70,1 |
|
баардыгы |
62,7 |
71,9 |
67,8 |
65,4 |
62,0 |
52,7 |
71,5 |
45,5 |
«ҮДБ/ЖДПБ администрациясынын ишинин сапаты» категориясы боюнча БМСЖ уюмдарында эң жогорку сапат көрсөткүчү Бишкек шаарында – 92,4%ды түзгөн, ал эми Талас облусунда бул көрсөткүч кыйла төмөн болуп, болгону 34,4%ды түзүп, дээрлик 2,7 эсеге аз болгон.
«Жалпы дарыгерлик практикадагы ресурстарды башкаруу» категориясы боюнча сапат критерийлерине шайкештик 71,9%ды түзгөн (2024-жылдын 1-жарым жылдыгында – 68,6%), бул көрсөткүч 3,3%га жогорулагандыгын көрсөтөт.
«5 жашка чейинки балдарга көрсөтүлгөн кызматтардын сапаты» категориясы боюнча эң төмөнкү сапат көрсөткүчтөр ЖДПБлордо байкалган: Папан ЖДПБ – 30%, Балыкчы ЖДПБ – 35% жана Токмок ЖДПБ – 38% (100% мүмкүн болгон көрсөткүчтөн).
«Кош бойлуу аялдарды кароо боюнча кызматтардын сапаты» категориясында салыштырмалуу жогорку көрсөткүчтөр Бишкек шаарынын БМСЖ көрөсөтүүчү уюмдарында – 86,5% деңгээлинде байкалган. Эң төмөнкү сапат көрсөткүчтөр Нарын облусундагы БМСЖ көрөсөтүүчү уюмдарында – 49%ды түзгөн.
«Гипертония оорусу менен жабыркаган бейтаптарга көрсөтүлгөн кызматтардын сапаты» категориясы боюнча медициналык кызматтардын сапаты бекитилген клиникалык протоколдорго жогорку деңгээлде шайкеш келгени Бишкек шаарынын БМСЖ уюмдарында – 79,9% жана Чүй облусунда – 79,4% түзгөн.
«Кургак учук менен жабыркаган бейтаптарга көрсөтүлгөн кызматтардын сапаты» категориясы боюнча сапат көрсөткүчтөрү төмөн бойдон калууда: Баткен облусунун БМСЖ уюмдарында – 26,3% (2024-жылдын 1-жарым жылдыгында – 21,3%), Жалал-Абад облусунда – 30,4% (2024-жылдын 1-жарым жылдыгында – 32,3%) жана Талас облусунда – 32% (2024-жылдын 1-жарым жылдыгында – 26,3%).
«Кант диабети менен жабыркаган бейтаптарга көрсөтүлгөн кызматтардын сапаты» категориясы боюнча медициналык жардамдын сапатынын эң жогорку индекси Чүй облусунун БМСЖ уюмдарында – 93% жана Бишкек шаарында – 84,2% түзгөн. Ал эми эң төмөнкү сапат индекси Жалал-Абад облусунда катталып, 57,8%ды түзгөн.
«ФАП деңгээлинде кызмат көрсөтүүнүн сапаты» категориясы боюнча Баткен облусундагы БМСЖ уюмдарында – 19% жана Талас облусундагы уюмдарда – 22,9% түзүп, өтө төмөн көрсөткүчтөр катталды. Бул категория боюнча белгиленген сапат критерийлеринин дээрлик бардыгы аткарылбагандыгы байкалууда. 2024-жылдын экинчи жарым жылдыгында Лейлек ЖДПБунда медициналык жардамдын сапаты 100% мүмкүн болгон көрсөткүчтөн 0% түзгөн. Ошондой эле, төмөнкү уюмдарда көрсөтүлүп жаткан медициналык кызматтардын сапаты тийиштүү ченемдик документтерге жана бекитилген клиникалык протоколдорго жооп бербейт: Баткен облусунун Кадамжай ЖДПБунда – 8,4%, Кулунду ЖДПБунда – 9,2%, Талас облусунун Бакай-Ата ЖДПБунда – 13%, Талас районунун ЖДПБунда – 18% жана Жалал-Абад облусунун Үч-Терек ЖДПБунда – 19,3%.
БМСЖ уюмдарынын курамындагы фельдшердик-акушердик пункттардын ишинде жогорку көрсөткүчтөр төмөнкү уюмдарда байкалган: Панфилов райондук ЖДПБунда – мүмкүн болгон 100%дан 95,8%, Куршаб ЖДПБунда – 85%, Өзгөн ЖДПБунда – 83%.
Психикалык бузулууларды амбулатордук деңгээлде башкаруу учурларын каржылоо боюнча пилоттук БМСЖ уюмдарындагы иш-аракеттер
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 65 «Саламаттык сактоо тутумунун каржылоо механизмдерин реформалоо жөнүндө» Жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-июнундагы № 367-р токтомуна ылайык, 2024-жылдын 1-июлунан тартып, мурда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу ММК фондуна республикалык бюджеттен бөлүнүп келген трансферттер белгиленген тартипте Саламаттык сактоо министрлиги аркылуу каржыланууга өткөрүлдү.
2024-жылы психикалык бузулуусу бар бейтаптарды амбулатордук деңгээлде үзгүлтүксүз байкоого алуу жана дарылоо учурларын каржылоо механизми төмөнкү пилоттук БМСЖ уюмдарында ишке ашырылды: Ош шаардык ҮДБ, Кара-Суу ЖДПБ, Ноокат ЖДПБ, Жалал-Абад ОҮДБ, Базар-Коргон ЖДПБ, Сузак ЖДПБ, Кызыл-Кыя ЖДПБ, Кадамжай ЖДПБ, Нарын ОҮДБ, Талас ОҮДБ, Ысык-Көл ОҮДБ, Сокулук ЖДПБ, Бишкек шаардык ҮСМ № 1, Бишкек шаардык ҮСМ № 4, Токмок ЖДПБ жана Кочкор райондук ЖДПБ.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-мартындагы № 119 токтому менен бекитилген 2018–2030-жылдарга карата «Кыргыз Республикасында психикалык саламаттыкты сактоо боюнча Өкмөттүн программасын» ишке ашыруу алкагында, Саламаттык сактоо министрлигинин 2018-жылдын 27-декабрындагы № 1100 буйругуна ылайык, БМССЖ деңгээлинде психикалык бузулуусу бар жарандарга кызмат көрсөтүү боюнча психикалык саламаттык кызматынын ишин оптималдаштыруу максатында Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун курамында Тармактар аралык команда (ТАК) түзүлгөн. Аталган командага психиатр дарыгер, психолог, кабинеттеги медайым жана патронаждык медайым кирет. Команда 40 миң калкка бир топ эсеп менен түзүлөт (бир райондун ичинде жок дегенде бир команда болушу керек).
2024-жылы 16 БМСЖ уюмунда бул механизм ишке ашып, психикалык бузулуулардын амбулатордук башкаруу учурлары боюнча жалпы 383 учур каржыланып, 4 374,0 миң сом суммада каражат бөлүнгөн.
Аптекалык тармак аркылуу амбулатордук деңгээлде калк үчүн жеңилдетилген дары-дармек менен камсыздоо программаларынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу.
Бүгүнкү күндө Мамлекеттик кепилдиктер программасы жана милдеттүү медициналык камсыздандыруунун Кошумча программасы боюнча жеңилдетилген дары-дармек менен камсыздоо тизмесин («КП ММК тизмеси») түзүүдө таптакыр жаңы ыкма колдонулууда. Бул жаңы ыкма «Мамлекеттик кепилдиктер программасы жана милдеттүү медициналык камсыздандыруунун Кошумча программасы боюнча жеңилдетилген дары-дармектердин тизмесин түзүү жана кайра кароо методологиясы» деп аталган.
Аталган методология дары-дармектердин сапатына, натыйжалуулугуна жана далил базасына, ошондой эле саламаттык сактоо тармагына жана ММК фондунун бюджети боюнча таасирине негизделген. Кызыкдар тараптардан түшкөн өтүнмөлөр эки көз карандысыз эксперт тарабынан бааланат. Эксперттик баалардын негизинде Иштөөчү топ дары-дармектерди күтүү тизмесине кезеги менен жайгаштырат.
Мындан тышкары, 2024-жылы «Жеңилдетилген дары-дармек менен камсыздоо программаларынын алкагында ички референттик баа түзүү жана чыгымдарды кайтаруу боюнча методология» ишке киргизилген. Бул методология эл аралык тажрыйбага негизделип, компенсациянын көлөмүн аныктоодо түп-тамырынан өзгөртүлгөн мамилени камтыйт. Компенсациянын көлөмү дары-дармектерге белгиленген чектик баалардын негизинде ички референттик бааны (ИРБ) аныктоо жолу менен эсептелет.
Жеңилдетилген дары-дармек менен камсыздоо программаларынын калк үчүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча дагы бир чара – айрым дары-дармектер боюнча эки жеңилдик категориясы (кош бойлуу аялдар жана 6 жашка чейинки балдар) үчүн компенсациянын көлөмү 100% базалык баадан ашпаган деңгээлге чейин көбөйтүлдү. 6 жашка чейинки балдар үчүн бул компенсация «КП ММК маалымдама» педиатрияда колдонулуучу препараттарга тиешелүү. Кош бойлуу аялдар үчүн – темир камтыган дары-дармектер (тамчылар жана сироптор), калий йодид жана фолий кислотасы «КП ММК маалымдамасында» көрсөтүлгөн дары-дармектердин катарына кирет. 2024-жылга чейин бул категориялар үчүн компенсациянын көлөмү базалык баанын 50% деңгээлинде болгон.
Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча жана милдетүү медициналык камсыздандыруу (ММК) системасынын алкагында калкты жана камсыздандырылган жарандарды жеңилдетилген дары каражаттары менен камсыздоонун жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу.
2024-жылдын 12 айынын жыйынтыгы боюнча ҮДБ/ҮДТ дарыгерлери тарабынан жалпысынан 1732,2 миң жеңилдетилген рецепт жазылган, анын ичинен КП ММК чегинде – 1551,4 миң рецепт (90%), ал эми Мамлекеттик жеңилдиктер программасы (МЖП) боюнча – 180,7 миң рецепт (10%). Акыркы 3 жыл ичинде МЖП боюнча жеңилдетилген рецепттердин жазылышынын кыскарып жаткандыгын белгилеп кетүү зарыл: 2022-жылы – 182,6 миң, 2023-жылы – 104,5 миң, 2024-жылы – 102,2 миң рецепт. Ал эми ММК чегиндеги рецепттердин жазылышы болжол менен бир деңгээлде сакталууда: 2022-жылы – 1631,2 миң, 2023-жылы – 1636,4 миң, 2024-жылы – 1630,0 миң рецепт. МЖП боюнча рецепттердин орточо компенсация деңгээли 88%ды түздү (Бисопролол боюнча эсепке алынбаган көрсөткүч), ал эми ММК боюнча – 61%.
ММК программасынын камсыздандырылган калк категориялары боюнча жазылган рецепттердин эң көбү пенсиоерлерге таандык болуп, 408,2 миң рецептти (26%) түздү. Жумушка орношкондорго жана жеке ишкерлерге 314,4 миң рецепт (20%), фермерлерге 198,9 миң рецепт (12%), балдарга жана студенттерге 124,6 миң рецепт (8%), социалдык жөлөкпул алган жарандарга 89,6 миң рецепт (6%) жазылган. Кош бойлуулук менен байланышкан диагнозго жазылган ММК рецепттеринин саны 312,6 миңди (20%) түздү. Ошондой эле, 427,8 миң камсыздандырылган жаран жеңилдетилген дары-дармек менен камсыз болгон, жалпы 6% түздү..
Жеңилдетилген категориядагы оорулуулар боюнча нозологиялар бөлүгүндө: 20% рецепттер эпилепсия менен ооруган жарандарга жазылган (35,6 миң рецепт), 15% бронхиалдык астмадан жабыркаган жарандарга (27,2 миң рецепт), 14% психикалык оорулары бар адамдарга (25,6 миң рецепт), 8% рак оорусу менен ооруган адамдарга (13,6 миң рецепт) жазылган. 2024-жылдын июлунан баштап, гипертониясы бар адамдарга 43% (78,6 миң рецепт Бисопрололго) жазылган.
Жеңилдетилген категориядагы оорулуулар арасында рак оорусу менен ооруган адамдарга төлөнгөн компенсация суммасы 10 777,2 миң сомду (18%) түздү, эпилепсия менен ооруган жарандарга 11 659 миң сомду (20%), бронхиалдык астмадан жабыркаган жарандарга 8 896,2 миң сомду (15%), психикалык оорулары бар адамдарга 6 842,4 миң сомду (12%) жана 2024-жылдын июлунан баштап, Бисопрололго жазылган рецепттер боюнча компенсациянын суммасы 20 856,4 миң сомду (35%) түздү.
Камсыздандырылган калк категориясында дары-дармек үчүн компенсация суммасы пенсионерлерге 99 263 миң сомду (25%) түздү, жумушка орношкондорго жана жеке ишкерлерге 83 778,9 миң сомду (21%), балдарга жана студенттерге 34 999,3 миң сомду (9%), фермерлерге 48 777 миң сомду (12%), социалдык жөлөкпул алгандарга 24 841,4 миң сомду (6%) жана башка категорияларга таандык. Кош бойлуулар менен байланышкан диагнозу бар ММК рецепттеринен жазылган жана сатылган дары-дармек боюнча компенсация суммасы 65 439,5 миң сомду (17%) түздү.
2023-жылы камсыздандырылган жарандарга жазылган рецепттердин жалпы саны 1 636,4 миң рецептти түздү (2024-жылы 1 551,4 миң рецепт). Жеңилдетилген категориядагы оорулууларга (МКП боюнча) 104,5 миң рецепт жазылды (2024-жылы Бисопрололду кошкондо 180,7 миң рецепт). Анын ичинде эпилепсия менен ооруган жарандарга 36,6 миң рецепт жазылган (2024-жылы 35,6 миң рецепт), бронхиалдык астмадан жабыркаган жарандарга 30,4 миң рецепт жазылган (2024-жылы 27,2 миң рецепт), эки түрдөгү психикалык оорулары бар адамдарга 23,3 миң рецепт жазылган (2024-жылы 25,6 миң рецепт), рак оорусу менен ооруган адамдарга 14,2 миң рецепт жазылган (2024-жылы 13,6 миң рецепт). 2024-жылдын июлунан баштап, гипертониясы бар адамдарга 78,6 миң рецепт Бисопролол үчүн жазылган.
Программа 3. Саламаттыкты сактоо уюмдары тарабынан стационардык деңгээлде кызматтарды көрсөтүү.
Программанын максаты:
МКПнын алкагында стационардык деңгээлде кепилденген медициналык жардамды көрсөтүүнүн сапатын жана натыйжалуулугун жакшыртуу.
Программаны орто мөөнөттүү ишке ашыруу боюнча күтүлүүчү натыйжалары:
- МКП алкагында республиканын калкына стационардык жардам көрсөтүү деңгээлинде медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо;
- Кургак учукка каршы күрөшүү боюнча стационардык деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдары тарабынан көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;
- Адистештирилген онкологиялык жана гематологиялык жардам деңгээлинде медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;
- Адистештирилген кардиохирургиялык жардам деңгээлинде медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;
- Адистештирилген психиатриялык жардам деңгээлинде медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;
- Калкка МКПнын көлөмүнөн тышкары акы төлөнүүчү медициналык кызматтарды көрсөтүү;
Учурдагы кырдаал, маселелер жана прогресс
Бирдиктүү төлөөчү системасында стационардык жардамды 11 улуттук/республикалык стационар, 10 облустук, 14 шаардык/аймактык ооруканалар, 10 кургак учука каршы ооруканасы, 10 адистештирилген стационардык жардам көрсөткөн стационарлар жана 57 жалпы практикалык борборлордо жайгашкан стационарлар көрсөтөт.
2024-жылга карата, ММК фонду менен келишимдер боюнча иш алып барган стационарларда жалпы 1 167 373 оорулуунун дарыланышы болду (2022-жыл - 1 085 745, 2023-жыл - 1 245 926). Анын ичинде жалпы профилдүү стационарларда дарыланган оорулардын саны 946 411 (2022-жыл - 1 058 996, 2023-жыл - 1 159 765), кургак учука каршы стационарларда 5 347 (2022-жыл - 6 009, 2023-жыл - 5 559 ооруу учурлары), адистештирилген стационарларда 27 134 (2023-жыл - 29 113, 2022-жыл - 20 557) ооруу учурлары.
Дарыланган оорулуулардын түзүмүндө 42% социалдык категориялар боюнча дарыланган, анын ичинде 18 жашка чейинки балдар – 37%, пенсионерлер – 16%, камсыздандырылган адамдар – 19%, фермерлер жана жеке ишкерлер – 6%, социалдык жөлөкпул алгандар – 7%. Медициналык көрсөтмөлөр боюнча жеңилдетилген дарыланган оорулуулардын саны жалпы дарыланган оорулуулардын 20% түзөт.
Саламаттыкты сактоо системасында кургак учука каршы стационардык жардамды 10 уюм көрсөтөт (2022-ж. - 15 стационар). Республикадагы кургак учука каршы стационарларда "Дарыланган учур" маалыматтык системасынын маалыматына ылайык, 2024-жылы 5437 дарыланган (2023-ж. - 5559), бул пландын 94% түзөт. Кургак учука каршы стационарлардын иштешиндеги көйгөйлөр: дээрлик бардык КУК стационарларында койка-орундардын санын оптимизациялоо зарыл, анткени орточо алганда койка-орундар жылына 129 күн иштейт, ал эми норматив боюнча жылына 320-340 күн болушу керек. Мындан тышкары, иштебеген койка-орундарга бюджеттин 30% чейин каражат сарпталат. Дээрлик бардык КУК стационарларында 1965-1975-жылдары чыгарылган рентген аппараттары иштейт, бул жаңы санарип рентген аппараттарына алмаштыруунун зарылдыгын талап кылууда.
Республиканын калкына онкологиялык жардамды Ош облустар аралык бириккен ооруканасынын, Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасынын, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун 2 адистештирилген стационары жана онкогематология бөлүмдөрү көрсөтөт. 2024-жылы профиль боюнча дарылоо иштеринин планы онкогематология 105%га аткарылган. Онкогематологиялык стационарларда дарыланган учурлардын санынын өскөндүгү 100 000 калкка карата онкологиялык ооруунун жыштыгынын жогорулоосун чагылдырат, ал 81,7ден 88,5ке чейин өскөн. 70 жаштан жогору пенсионерлер категориясындагы ДУдын санынын көбөйүшү байкалууда, бул өз кезегинде онкологиялык жана жалпы профилдеги стационарларда ДУдын санынын көбөйүшүнө алып келет. 2018-жылы ушул категория боюнча ДУдын саны 47 684тү түзсө, 2024-жылы ДУдын саны 69 427ге жетти, бул 46%га өскөндүгүн билдирет. Өмүр узарышынын жогорулоосун эске алганда, бул категория боюнча ДУдын санынын дагы көбөйүшү күтүлүүдө. Аталган тенденциялар онкологиялык жана жалпы профилдеги стационарларда ДУдын санынын өсүшүн болжолдоп жатышат. Онкологиялык оорулардын алдын алуу жана эрте аныктоо үчүн БМСЖ көрсөткөн саламаттыкты сактоо уюмдарынын деңгээлинде сүт бездерин жана аялдардын жатын мойнуна скрининг текшерүүлөрү киргизилди. Бул үчүн БМСЖ көрсөткөн саламаттыкты сактоо уюмдары видеокольпоскоптору менен жабдылышы керек, ал эми облустук онкология борборлору маммография өткөрүү үчүн жабдуулар менен камсыз болушу зарыл. Онкологиялык оорулуулардын 60%ы оору 3-4 стадиясында аныкталат, ошондуктан онкологиялык стационарларды каржылоону көбөйтүү үчүн паллиативдик жардам көрсөтүү бөлүмдөрүн ачуу менен каржылык каражаттарды караштыруу зарыл.
Бирдиктүү төлөөчү системасында 1705 орундук фонд менен 5 психонаркологиялык стационар иштейт. Отчеттук жылдын жыйынтыгы боюнча дарыланган учурлар пландалган дарыланган учурлардын 95% түздү. 2024-жылы медициналык кызматтардын сапатын эксперттик баалоо бардык 5 адистештирилген психиатриялык стационарларда жүргүзүлгөн. Дефекттердин деңгээли жалпы текшерилген медициналык карталардын 20% түздү (2023-жыл 21,3%). Текшерүүдө каталар 8% (2023-жыл 8,7%), дарылоодо 14% (2023-жыл 17,8%) түздү. Негизсиз госпитализациялардын деңгээли жалпы текшерилген медициналык карталардын 3,1% түздү (2023-жыл 3,3%).
Стационарларда кыска мөөнөттүү болуу жана шашылыш медициналык жардам көрсөтүү бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгү.
2024-жылы кыска мөөнөттүү болуу (КМБ) бөлүмдөрүндө (балдар, кош бойлуу аялдар, ШЖК) 176 709 дарыланган учурлар катталды. Ооруканаларга жаткырылгандардын структурасында 6 жашка чейинки балдар 72% түздү (2023-жылы 70%), алардын ичинен 1 жашка чейинки балдар 14% (2023-жылы 13%). Оорулардын терапевтикалык профили 60% түзөт, хирургиялык операциялар/манипуляциялар менен дарыланган учурлар 40% түзөт. Кош бойлуу аялдарга акушердик медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу максатында төрөт ооруканаларында динамикалык байкоону жүргүзүү мүмкүнчүлүгү менен кош бойлуу аялдар үчүн кыска мөөнөттүү (суткага чейин) болууну камсыздоочу бөлүмдөр/койкалар киргизилди, алар 16 ооруканаларда иштейт (2022-жылы - 13 ооруканалар). 2024-жылы төрөттөн мурун байкоого жаткырылгандар 2086 учурду түздү (2023-жылы - 2592, 2022-жылы - 2564 учур). Шашылыш медициналык жардам бөлүмдөрү (ШМЖБ) республиканын 45 ооруканасында (2023-жылы - 45 ооруканалар) кечиктирилгис жардам көрсөтөт. 2024-жылы тез (суткага чейин) медициналык жардам бөлүмдөрүндө 140 530 бейтапка медициналык жардам көрсөтүлдү, 2023-жылы 123 267 бейтапка, 2022-жылы 89 407 бейтапка жардам көрсөтүлгөн. ШМЖБдө дарыланган учурлардын структурасында, ОЭК 10 диагноздору боюнча Бишкек шаарынын КБ СМП жана Улуттук ооруканасында, ОЭК 10, S00 - T98 Травмалар, уулануулар, сырткы таасирлердин кесепеттери 74% түзөт. ЖДПБдагы ШЖКБ дарыланган 65% дан ашык учурлар БМСЖ деңгээлинде дарыланган диагноздорду камтыйт, бул республиканын аймактарындагы БМСЖ көрсөткөн саламаттыкты сактоо уюмдарынын ишинин жетишсиз деңгээлде жүргүзүлгөнүн көрсөтөт.
Клиникалык-чыгымдык топторунун (КЧТ) салмактуулук коэффициенттеринин негизинде стационардык кызмат көрсөтүүлөргө төлөө системасын өркүндөтүү.
.
Ооруканалардын системасын жакшыртуу жана рационалдаштыруу максатында, ооруканалар секторунун төлөм системасын модернизациялоо аркылуу ММК Фонду клиникалык-чыгымдык топтордун (КЧТ) жаңы моделин кайра карап чыгып, ар бир дарылоо учурун КЧТга классификациялоо үчүн клиникалык маалыматтарга негизделген жаңы моделди иштеп чыкты. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2024-жылдын 23-декабрындагы №1331 буйругу менен стационарларда дарыланган учурларды төлөө үчүн клиникалык-чыгымдык топтордун тизмеси жана салмактык коэффициенттери бекитилди. 2025-жылдын 1-январынан тартып, ММК Фонду Бирдиктүү төлөөчүнүн негизинде стационарларга «Дарыланган учур» маалыматтык системасына ылайык фактыга негизделген дарыланган учурлардын санына карата каржылоо жүргүзүүдө. Республика ооруканалары үчүн КЧТнын жаңы системасын жана “Дарыланган учур” программалык камсыздоосун киргизүү боюнча окуу семинарлары өткөрүлдү.
Бирдиктүү төлөөчү системасында медициналык жардамдын сапатын көзөмөлдөө.
Медициналык кызматтардын сапатын көзөмөлдөө ММК Фондунун негизги тапшырмаларынын бири болуп саналат. Саламаттык сактоо уюмдарында медициналык жардамдын сапатын жакшыртуу максатында, ММК Фонду төмөнкү иш-чараларды жүргүзөт:
-Жылына эки жолу медициналык жардамдын сапатын көзөмөлдөө жана МКПнын аткарылышына мониторинг жүргүзүү максатында ММК Фонду тарабынан индикаторлордун жана программалардын баалоосу, экспертик баа берүүсү жана мониторинги жүргүзүлөт. Натыйжалар саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлери менен бирге талкууланат, медициналык жардамдын сапатын жакшыртуу боюнча иш-чаралар пландалат жана ММК Фондунун расмий сайтынын “Ачык маалыматтар” бөлүмүндө жарыяланат: http://foms.kg/open-data.
2024-жылы ММК Фондунун адистери 38 795 медициналык картаны пландуу баалоо жана эксперттик текшерүүдөн өткөрдү, анын ичинде БМСЖ деңгээлинде 9 800 медициналык карта, 5 095 ШМЖ бригадаларынын чакыруу карталары, стационардык деңгээлде 23 900 медициналык карта. 3 465 бейтаптын медициналык жардамдын сапаты боюнча сурамжылоосу жүргүзүлдү.
Бирдиктүү төлөөчү системасында стационардык жардам.
Отчеттук мезгилде, ММК Фонду менен түзүлгөн келишимдерге ылайык иштеген стационарларда республика боюнча 1 167 373 (2023-жылы 1 259 765) дарылоо учуру аткарылды, анын ичинде:
- жалпы профилдеги стационарларда дарыланган учурлардын саны 946 411 (2023-жылы 1 136 527);
- кургак учурга каршы стационарларда дарыланган учурлардын саны 5 347 (2023-жылы 5 516);
- адистештирилген стационарларда (онкология, психиатрия) дарыланган учурлардын саны 27 134 (2023-жылы 17 722).
Дарыланган учурлардын социалдык категориялары боюнча эң көп учурларды түзгөндөр: 18 жашка чейинки балдар – 37%, пенсионерлер – 16%, иштеп жаткан жарандар – 10%, фермерлер жана жеке ишкерлер – 6%, социалдык жардам алгандар – 7%, калган категориялар – 6%.
2024-жылдын экинчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча стационардык медициналык уюмдардын ишмердүүлүгүнүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бекитилген сапаттык ченемдик документтерге жана клиникалык протоколдорго шайкештиги же сапат индекси республика боюнча орточо эсеп менен 100%дын мүмкүн болгон көрсөткүчтүн 67%ын түздү (2021-ж. – 64,5%, 2022-ж. – 68,9%, 2023-ж. – 66%). Ишмердүүлүккө баа берүү 8 артыкчылыктуу категория боюнча индикаторлордун негизинде жүргүзүлгөн.
2022-2024-жылдар аралыгында стационарларда медициналык жардамдын сапаты жана клиникалык протоколдор боюнча бекитилген нормативдик документтерге ылайыктык орточо көрсөткүчү (сапат индекси).
Региондор |
2022 жыл (1-жана 2-жарым жылындагы сапаттын орточо көрсөткүчү) |
2023 год (1-жана 2-жарым жылындагы сапаттын орточо көрсөткүчү ) |
2024 год (1-жана 2-жарым жылындагы сапаттын орточо көрсөткүчү ) |
Бишкек ш. |
89% |
87,4% |
89% |
Баткен обл. |
60% |
58,9% |
63,5% |
Жалал-Абад обл. |
50,1% |
46,1% |
52% |
Ыссык-Көл обл. |
65,4% |
70,9% |
72% |
Нарын обл. |
72,3% |
62,9% |
59% |
Ош обл. |
77,9% |
79,1% |
76% |
Таласская обл. |
62,7% |
61% |
55% |
Чуйская обл. |
72,2% |
71,9% |
65% |
Республика боюнча |
68,9% |
67,3% |
66,5% |
Медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатынын бекитилген клиникалык протоколдорго ылайыктыгы боюнча жогорку көрсөткүч Бишкек шаарынын стационарларында (89%) жана Ош облусунда (75%) белгиленди.
Республика боюнча орточо көрсөткүчтөн төмөн медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн клиникалык протоколдорго ылайыктыгы Нарын (59%), Талас (57%) жана Жалал-Абад (53%) облустарындагы стационарларда байкалган.
2024-жылы стационарлардын арасында максималдуу медициналык жардамдын клиникалык протоколдорго ылайыктыгы 100% мүмкүн болгон көрсөткүч боюнча төмөнкү стационарларда байкалды: Ош шаардык балдар ооруканасы, Ош шаардык бириккен клиникалык ооруканасы, Ош шаардык клиникалык ооруканасы, Ноокат шаарындагы ЖДПБ, Бишкек шаарындагы шаардык перинаталдык борбор, Бишкек шаарындагы төрөт үйү №1.
ЖДПБ Папан медициналык жардамдын сапаты бекитилген нормативдик документтерге жана клиникалык протоколдорго дээрлик шайкеш келбейт — 30,5% (2019-жылы 17%, 2021-жылы 15%, 2022-жылы 33%, 2023-жылы 36%). Сумсар ЖДПБ дагы бекитилген нормативдик документтерге жана клиникалык протоколдорго ылайык келген эмес — 31% (2019-жылы 39%, 2021-жылы 36%, 2022-жылы 31%, 2023-жылы 29%).
Стационардык деңгээл боюнча жыйынтыктар:
- ОЭК-10 боюнча оорулар класстарынын ичинен 2024-жылы эң көп катталган дарыланган учурлар (ДУ) төмөнкүдөй бөлүнөт: O классы "Кош бойлуулук, төрөлүү жана төрөттөн кийинки мезгил" — 15% (177 990 учур); дем алуу органдарынын оорулары — 15% (171 012 учур), негизинен балдар арасында; кан айлануусу системасынын оорулары (ССЗ) — 10% (117 578 учур); сдени сак төрөлгөн наристелер (Z коду) — 10% (141 698 учур); патологиясы бар жаңы төрөлгөн балдар (P коду) — 2% (141 698 учур); жаракаттар, уулануулар (S коду) — 8% (88 640 учур); ашказан жана ичеги оорулары (K коду) — 7% (83 335 учур).2024-жылы медициналык жеңилдиктер боюнча 230 770 адам акысыз дарылануу алды, бул жалпы дарыланган учурлардын 20% түзөт. Анын ичинде 181 078 (77%) учур төрөт үчүн келген аялдар жана кош бойлуу аялдар, ошондой эле сахар диабети диагнозу коюлгандар жалпы дарыланган учурлардын 10% түзөт.
- Өкмөттүн бюджети жана ММК каражаттары аркылуу төлөмдөрдү бөлүштүрүү менен республика боюнча жалпы дарыланган учурлардын 8% (66 905) минималдуу деңгээлде, 4% (42 575) жогорку деңгээлде жана 13% (154 875) орто деңгээлде түздү.
- Категориялар боюнча эң төмөнкү баа «Оорукана ичиндеги сапатты камсыздоо системасы» категориясында байкалат. Бул категориядагы баа менен медициналык кызматтардын сапатынын түздөн-түз байланышын белгилөөгө болот: сапатты камсыздоо боюнча иштер нормативдик документтерге ылайык жүргүзүлгөн стационарларда, жалпы сапат индексинин деңгээли пропорционалдуу түрдө жогорулайт.
- Пенсионерлердин 70 жаштан жогору болгон категориясындагы дарыланган учурлардын (ДУ) санынын өсүшү байкалууда. 2018-жылы бул категорияда ДУ саны 47 684 болсо, 2024-жылы ал 69 427ге жетип, 46%га өскөн. Өмүр уактыгынын жогорулашы менен, бул категориядагы ДУдын санынын дагы өсүшүн күтсө болот. Дүйнөнүн саламаттык сактоо системаларында медайымдар үчүн атайын бөлүмдөрдүн иштеши боюнча тажрыйба бар. Кыргыз Республикасында пилоттук негизде, стационарлардын бөлүмдөрүнүн классификаторуна "Медайымдар бөлүмүн" киргизүү маселесин иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк бар.
Клиникалык чыгымдар топторунун салмактуулук коэффициенттеринин негизинде стационардык кызмат көрсөтүүлөргө төлөө системасын өркүндөтүү.
Медициналык кызматтар үчүн төлөм системасын оорулардын татаалдыгы, бейтаптын ден соолугунун абалынын оордугу, кошумча оорулар жана ооруга байланыштуу оорлотуучу факторлорду эске алуу менен жакшыртуу максатында, ММК Фонду 438 негизги диагностикалык оорулардын тобу үчүн чыгымдар коэффициенттерин кайра эсептөө иштерин жүргүздү. Ошондой эле, ооруканада өтө кыска убакытка болгон кароолор үчүн төлөм эрежелери кайра каралып, өзгөртүлдү. Натыйжада, Бирдиктүү төлөөчү системасында даарыланган учурлар үчүн төлөмдүн жаңы модели иштелип чыкты. 2024-жылдын январь айынан тартып, жаңы КЧГ (клиникалык- чыгымдар топтору) негизинде ден соолук сактоо мекемелеринин бюджетин эсептөө жана даарылаган учурларды пландаштыруу менен жаңы төлөм системасы киргизилди. 2024-жылы жедел кардиохирургия, КМБ/ШМЖБ үчүн КЧГ салмактык коэффициенттерин иштеп чыгуу жана бекитүү иштери улантылып, андан соң жаңы КЧТ модели негизинде КМБ/ШМЖБ каржылоону кайра карап чыгуу иштери жүргүзүлөт.
Сапатту медициналык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө таасирин тийгизген көйгөйлөр.
Медициналык жардамды 2025-жылдын 1-январына карата республика калкына 12 755 дарыгер көрсөттү, бул көрсөткүч 10 000 адамга 18,6 дарыгерди түзөт. Ошондой эле, 29 177 орто медициналык билими бар адис кызмат көрсөтүп, бул көрсөткүч 10 000 адамга 42,5 адисти түздү.
Дарыгерлер менен камсыздоо көрсөткүчү Жалал-Абад (15,2), Талас (16,2) жана Чүй (11,8) облустарында төмөн болуп калууда, ал эми орто медициналык билимге ээ адистер менен камсыздоо Баткен (42,0) жана Чүй (29,8) облустарында 10 000 адамга жетишсиз болуп жатат.
Республика калкынын 65%ы айылдык жерлерде жашайт, ошондуктан ФАПтар деңгээлинде профилактикалык жана медициналык кызматтардын сапатын жакшыртуу Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо системасынын маанилүү багыты болуп саналат. Калк арасында карылык процесси күчөп жаткандыктан, гендердик жана жаштык коэффициенттерге негизделген калктын ар башына каржылоо системасын киргизүү жогоруда аталган көйгөйлөрдү чечүүгө көмөктөшө алат.
Медициналык жардамдын сапатын комплексдүү баалоо жыйынтыгы боюнча БМСЖ көрсөткөн саламаттыкты сактоо уюмдарына жана стационарларга дем берүүчү төлөмдөрдү төлөө сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүгө шарт түзөт.
Жеңилдетилген дары-дармек менен камсыздоо программаларын ишке ашырууга Мониторинг жүргүзүү
Жеңилдетилген дары-дармек менен камсыз кылуу программаларынын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүнү Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун аймактык башкармалыктары жүргүзөт. Мониторингдин алкагында «ММК КП маалымдамасына» ылайык дарыканалардагы дары-дармек каражаттарынын ассортименти, белгиленген чекене баалардын сакталышы, ошондой эле калк үчүн зарыл болгон маалыматтык стенддердин жана маалымдамалардын жеткиликтүүлүгү текшерилет.
Азыркы учурда негизги көйгөйлөр катары дарыгерлер тарабынан жеңилдетилген рецепттердин жетишсиз жазылышы, дары-дармек менен камсыз кылууда үзгүлтүктөрдүн көп кездешиши жана бул себептерден улам бөлүнгөн каражаттар толук өздөштүрүлбөй калуусу белгиленет.
Программа 4 Милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасынын каржылык туруктуулугун камсыздоо, саламаттык сактоо уюмдарын колдоо, өнүктүрүү жана стимулдаштыруу.
Программанын максаттары:
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттары аркылуу каржылоо кепилдигин камсыздоо менен камсыздандырылган жарандардын укуктарын жана канааттануу деңгээлин жогорулатуу.
Программаны орто мөөнөттүү мезгилде ишке ашыруунун күтүлүүчү натыйжалары:
- Саламаттык сактоо уюмдарынын финансылык туруктуулугун жана талаптагыдай иштешин камсыз кылуу (камсыздандыруу запасын түзүү);
- Саламаттык сактоо уюмдарын колдоо, өнүктүрүү жана материалдык-техникалык жактан жабдуу;
Бул чаранын алкагында төмөнкүлөр пландалууда:
Жыл сайын ММК Фонду тарабынан саламаттык сактоо уюмдарынын каржылык туруктуулугун жана тийиштүү иштешин камсыз кылуу максатында камсыздандыруу фондун түзөт.
Камсыздандыруу запасы – бул Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан табигый кырсыктар, техногендик авариялар, террордук актылар жана башка өзгөчө кырдаалдар, ошондой эле сот органдарынын чечимдерине ылайык төлөмдөрдү жүргүзүү зарылчылыгы келип чыккан учурда, жыл ичинде милдеттүү медициналык камсыздандыруу программаларын каржылоодо кыйынчылыктар жаралганда пайдалануу үчүн каралган, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсебинен түзүлгөн Фонд бюджети каражаттарынын резерви болуп эсептелет. Мындан тышкары, камсыздандыруу запасы республикалык бюджеттен каражаттар өз убагында бөлүнбөй калганда же камсыздандыруу төгүмдөрүнүн пландаштырылган көлөмү түшпөй калган учурда, Фонддун кирешелеринин жетишсиздигин жабуу максатында да колдонулат.
Камсыздандыруу запасынын каражаттары эркин каражат болуп эсептелбейт жана колдонулган учурда жыл ичинде кайра калыбына келтирүүгө жатпайт.
Камсыздандыруу запасы Кыргыз Республикасынын милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасынын каржылык туруктуулугун камсыз кылууга жана ММК Фондунун чыгашалык милдеттенмелерин бюджеттик мыйзамдардын чегинде аткарууга арналган. Ал жыл ичинде пайдалануу үчүн Фонд бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн курамында түзүлөт
Камсыздандыруу запасынын көлөмү жыл сайын ММК Фондунун бюджети жөнүндө мыйзам менен бекитилет жана ал милдеттүү медициналык камсыздандыруу программасы боюнча көрсөтүлүүчү медициналык, алдын алуу, фармацевтикалык жана башка кызмат көрсөтүүлөр боюнча берүүчүлөр менен эсептешүүлөр үчүн багытталган камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жалпы көлөмүнөн кеминде бир айлык каржылоонун көлөмүндө түзүлөт. Камсыздандыруу запасынын каражаттары бюджеттик жыл ичинде пайдаланылган учурда кайра калыбына келтирүүгө жатпайт.
ММК Фондунун бюджети тарабынан каражаттар саламаттык сактоо тармагын колдоо жана өнүктүрүү, ден соолукту чыңдоого жана алдын алууга багытталган иш-чараларды каржылоо, ошондой эле саламаттык сактоо жаатындагы башка максаттуу программаларды ишке ашыруу үчүн, саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча Байкоочу кеңешинин чечими менен колдонулушу мүмкүн (мындан ары - Байкоочу кеңеши).
Максаттуу каражаттар Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 3- жана 12-беренелерине ылайык, милдеттүү медициналык камсыздандырууга багытталган бекитилген сумманын 2 пайызынан ашпаган көлөмдө каралат жана бекитилет.
Өнүктүрүү жана саламаттык сактоону колдоо боюнча приоритеттүү багыттардын тизмеси, ММК Фонду менен келишимдер боюнча иш алып барган саламаттык сактоо уюмдары үчүн, учурдагы жылга Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан аныкталып, ММК Фондусу тарабынан Байкоочу кеңешинин кароосуна жана бекитүүсүнө жөнөтүлөт.
Байкоочу кеңешинин чечими менен каражаттар төмөнкүлөргө багытталат:
- ММК Фонду менен келишимбоюнча иштеген жана МКПны ишке ашыруучу саламаттык сактоо уюмдарынын материалдык-техникалык жабдылышын жакшыртуу;
-Саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу программаларын ишке ашырууга катышкан саламаттык сактоо уюмдарына дем берүү.
Баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасы 2019–2030-жылдарга карата Саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын ишке ашыруунун алгачкы беш жылдык этабында колдоо көрсөтөт. Бул учурда, Саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программасынын төрт конкреттүү чөйрөсүнөн ал баштапкы медициналык-санитардык жардамга басым жасайт. Программанын натыйжага багытталган (ПНБ) иш-чараларынын алкагында, БМСЖны каржылоонун ыкмаларын кайра карап чыгуу жана бириктирүү каралган, бул өз кезегинде артыкчылык берилиши керек болгон оорулардын кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын жана камтылышын жакшыртууга багытталат. БМСЖ каражаттарынын бир бөлүгү артыкчылык берилген медициналык кызматтарды көрсөтүүгө (сапаттын структуралык аспектилери) жумшалса, башка бөлүгү иштин натыйжалуулугуна жараша төлөмдөргө (сапаттын процесс жана натыйжа сыяктуу аспектилери) багытталат. Ошондуктан, бул каражаттар ММК Фондунун бюджетинде каралып, анын өз убагында ишке ашырылышын жана баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жакшыртуу боюнча иш-чараларды каржылоо үчүн финансылык камсыздандырууга пландалган.
Төраганын орун басары М.Т. Шабданов