Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме. На сайте ведутся технические работы

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

ММК фондунун 2022 жылы жарандардын кайрылуулары боюнча жургүзүлгөн иштер

2022-жылы ММК фондуна жарандардан 20086 кайрылуу келип түшкөн, анын ичинде 113  Шыр байланышына – 18350 кайрылуу; ММК фондунун аймактык башкармалыктарына – 161 оозеки кайрылуу, кат жүзүндө – 555, коомдук кабылдамага каттагандар – 613, электрондук - 342, on-line режиминде сайт аркылуу –65.

Кайрылуулардын негизги бөлүгү Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында медициналык кызмат алуу, кошумча төлөм төлөө, коронавирус, ММК полисин сатып алуу, жеңилдетилген дары-дармек менен камсыз кылуу, камсыздандыруу статусун текшерүү, гемодиализ кызматы ж.б. маселелер боюнча кеңеш суроо иретинде келип түшкөн кайрылуулар болуп эсептелет.  

57 даттануу келип түштү, анын ичинде 28 (49%) тастыкталды. Бардык даттануулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө каралып чыкты.  Даттанууларды карап чыгуунун жыйынтыктары боюнча төмөнкүдөй чаралар көрулдү: сын-пикир айтылды –  10 учурда; 7 учурда эскертүү берилди; 9 учурда сөгүш берилди; 1 учурда материалдык колдоо алынып салынды; 32 учурда этика боюнча комиссияда каралды, 1 медициналык кызматкер кызматынан төмөндөтүлгөн, 7 учурда саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерине маалымдалды.

Баардык кайрылууларга телефон аркылуу консультациялар жана кат жүзүндө жооптор берилген, ошондой эле бейтаптарга специалистерден консультация алууга жана ооруканаларга жатууга жардам көрсөтүлгөн.