Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме.

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджети үчүнчү окууда жактырылды

29.12.2022

Жогорку Кеңешинин жыйынында “ММК фондунун 2022-жылга бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”, ошондой эле “ММК фондунун 2023-жылга бюджети жана 2024–2025-жылдарга пландык мезгили жөнүндөгү” мыйзамдардын долбоору үчүнчү окууда каралды.

Белгилей кетсек, ММК фондунун бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн 154 млн 178,6 миң сомго кыскартуу сунушталды.

ММК фондунун 2023-жылга бюджети 27 млрд 237 млн ​​97 миң сом кирешелерден жана 27 млрд 237 млн ​​97 миң сом чыгашалардан турары белгиленди.

No tags added.