Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме. На сайте ведутся технические работы

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу

08.02.2023

Кошумча төлөмдөрдү төлөгөн камсыздандырылган жарандарга Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында Кыргыз Республикасында кандай медициналык кызмат көрсөтүүлөр кепилденет.

Пландаштырылган ооруканага жаткыруу:

  • Документтерди кабыл алуу жана тариздөө
  • Ооруканага жаткыруу
  • Дарылоо, анын ичинде (операция, наркоз)
  • ·Негизги дарылардын тизмеси (толук тизме бөлүмдө)
  • Лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөр (толук тизме бөлүмдө)
  • Медициналык буюмдар (шприц, спирт, кебез, бинт ж.б.)
  • Төшөк, тамак аш
  • Оору тарыхынан үзүндү, оору боюнча өргүүсү, стационарда дарыланганы тууралуу маалымкат.

Шашылыш медициналык жардам:

  • Өмүргө коркунуч туудурган абалдан айыкканга чейин, гемодинамикалык жана дем алуу көрсөткүчтөрүнүн турукташуусу
  • Оорулуу өмүрүнө коркунуч туудурган абалдан чыгарылгандан кийин, пландуу стационардык дарылоого которулганда камсыздандырылган жаран орточо кошумча төлөмдү төлөйт
  • Камсыздандырылбаган жаран кошумча төлөмдүн максималдуу деңгээлин төлөйт
  • Ооруканага жаткыруу үчүн жолдомо талап кылынбайт

Калктын женилдетилген категориясы

  • Пландуу ооруканага жаткыруу жана жылына 2 жолу дарылоо АКЫСЫЗ .

Андан кийин алар орточо деңгээлдеги кошумча төлөм жүргүзүшөт.

  • Жеңилдетилген категориялардын тизмеси бөлүмдө болот

Кошума төлөмдүн өлчөмү бөлүмдүн профилине жараша болот

  • Терапиялык
  • Хирургиялык

Кошумча төлөөмдүн деңгээли:

  • минималдуу
  • орто
  • максималдуу
  • Кошумча төлөмдөр оорукананын кассасына гана төлөнөт

Камсыздандырылбаган жарандар

  • Кошумча төлөмдүн максималдуу деңгээлин төлөшөт

ММК Полисин сатып алыңыз

Суроолор барбы?

ММК Фондунун 113 ыкчам байланыш номерине чалыңыз

No tags added.