Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме. На сайте ведутся технические работы

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

Финансы жана экономика кызматкерлеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

07.06.2023

Урматтуу  финансы жана экономика системасынын кызматкерлери!
Баардыгыңыздарды кесиптик майрамыңыздар - Финансы жана экономика кызматкерлеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Өз ишине берилген, өлкөнүн өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон, ийгиликтин негизги фактору болгон, мамлекетибиздин атаандашуу мүмкүнчүлүгүн аныктаган кесипкөй экономисттерсиз жана финансисттерсиз өлкөнү өнүктүрүү мүмкүн эмес.
Сиздердин тынымсыз аракетиңиздер өлкөбүздүн гүлдөп өнүгүшүнө алып келип, финансылык жана экономикалык көз карандысыздыкка жетишебиз деп ишенем.
Финансы жана экономика системасынын бардык кызматкерлерин дагы бир ирет кесиптик майрамы менен куттуктайм!
Баардыгыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай, туруктуулук жана ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм!

                                ММК фондунун төрагасы  А.К. Муканов

No tags added.