Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме. На сайте ведутся технические работы

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

Баткен мамлекеттик университетинин үч миңден ашуун чет элдик студенттери Милдеттүү медициналык камсыздандыруу  Полисин алышат

20.06.2023

ММК Фондунун Баткен аймактык башкармалыгы (ММКФ АБ) Баткен мамлекеттик университети менен келишим түзүп, күндүзгү жана кечки окуу формасындагы 3 281 чет өлкөлүк студенттер ММК полиси менен камсыздандырылат.

2023-жылдын 19-июнунда ММК Фондунун аймактык башкармалыгынын директору Кубатбек Сапарбаев менен Баткен мамлекеттик университетинин ректору Гыязов Айдарбек жолугушуу учурунда аталган окуу жайда окуп жаткан бардык студенттерди Милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча келишим түзүлдү.

"Облустун медициналык мекемелерине кайрылган ар бир чет өлкөлүк студентке, ошондой эле Кыргызстандын жарандарына каттоо жана ММК Полиси бар болсо, медициналык жардам көрсөтүлөт. Үй-бүлөлүк медицина борборлору жана жалпы медициналык практика борборлору камсыздандырылган студенттерге медициналык тейлөөнүн жеңилдетилген түрдө медициналык сапаттуу кызматтарды алууга жана жеңилдетилген дары-дармектерди алууга мүмкүнчүлүктөр берилет. Стационарга жаткырылган учурда чет өлкөлүк студенттер орто деңгээлдеги кошумча төлөм төлөй алышат, ошол учурда камсыздандырылбаган жарандар максималдуу бааны төлөшөт.",- деди К.Сапарбаев.

Баткен мамлекеттик университетинин ректору А.Гыязов белгилегендей, биз үчүн ар бир студенттин ден соолугу маанилүү жана ММК Полисинин болушу алардын сапаттуу медициналык кызматтардан пайдалануусуна жана аларга мамлекеттик медициналык мекемелерден тейлөө укугун алууга мүмкүндүк берерин билдирди.

ММКфонду жарандардын бардык категориялары, анын ичинде жогорку жана орто билим берүү мекемелеринин студенттери үчүн медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо боюнча ишин улантууда.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын бардык камсыздандырылбаган жарандары, ошондой эле чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде чет өлкөлүк студенттер Кыргыз Республикасынын 10-жылдын 2023-апрелинде күчүнө кирген мыйзамына ылайык милдеттүү медициналык камсыздандырууга алынат.

Чет элдик студенттер үчүн ММК Полиси  1 жылдык мөөнөткө 16 миң 391 сом (6 айга  8 миң 196 сом) турат.

No tags added.