Камсыздандыруу статусуна ээ болгон жарандар дарыканалардан дары дармектерди 50% га чейин арзандатуу менен сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ
18.07.2023
Камсыздандыруу статусуна ээ болгон жарандар дарыканалардан дары дармектерди 50% га чейин арзандатуу менен сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.
ММК фонду камсыздандырылган жарандар үчүн дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүн, анын ичинде ММК Полиси боюнча жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга умтулат.
Жеңилдетилген дары-дармектерди арзандатуу менен алуу үчүн төмөнкү чыгаруу алгоритми сунушталат:
**Дарыгер менен кеңешүү: бейтап дарыгерге кайрылып, анын оорусу же абалы үчүн зарыл болгон дары-дармектер жана сунуш кылынган дары-дармектер жөнүндө кеңеш алат.
**Керек болгон дары-дармек препараттарына алардын аталышын, дозасын жана санын көрсөтүү менен дарыгер электрондук рецепт жазып берет.
**Дарыканага баруу: бейтап ММК Фонду менен келишими бар аптекаларга кайрылып, электрондук рецептин көрсөтөт.
**Тиешелүү арзандатуу менен сатып алуу: дарыканада пациент дары-дармектерди 50% га чейин арзандатуу менен алат.
Электрондук рецепт бейтаптар үчүн пайдалуу дары-дармектерди алуу процессин жеңилдетүүгө мүмкүнчүлүк берет.