Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме. На сайте ведутся технические работы

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

ММК фонду «жабык» тесттик режимде «ММК фонду: Мамлекеттик кепилдиктер» мобилдик тиркемесин ишке киргизди

08.08.2023

«ММК фонду: Мамлекеттик кепилдиктер» мобилдик тиркемеси республиканын саламаттык сактоо уюмдары тарабынан Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында калкка көрсөтүлүүчү медициналык кызматтар жөнүндө маалыматтарга тез жана оңой жетүү үчүн ММК фонду тарабынан иштелип чыккан.

Мобилдик тиркеменин негизги максаты – саламаттык сактоо уюмдары тарабынан калкка көрсөтүлүүчү жеткиликтүү медициналык кызматтар жөнүндө актуалдуу жана толук маалымат берүү болуп саналат. Бул тиркеменин жардамы менен жарандар кепилденген медициналык кызматтар жөнүндө маалыматты ыңгайлуу жана жеңил ала алышат.

«Мобилдик тиркемени иштеп чыгууда Мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык жарандардын ар кандай категорияларын жана алардын муктаждыктарын эске алуу менен маалыматтарды уюштурууга өзгөчө көңүл бурулган. Мисалы, ата-энелер үчүн төрөлгөндөн тартып  6 жашка чейинки балдар жана 6 жаштан тартып 16 жашка чейинки балдар үчүн медициналык кызматтар жөнүндө маалымат берилет. Ошондой эле маалыматтар пенсионерлер, кош бойлуу аялдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар (ДМЧ), чет өлкөлүк жарандар жана башка топтор үчүн бөлүнгөн. Тиркеме ошондой эле медициналык адистер үчүн бөлүмдөр менен кеңейтилет жана толукталат. Учурда колдонмо жабык тесттик режимде. Жакын арада биз кеңири аудитория үчүн ишке киргизүүнү пландап жатабыз жана бул тиркеме медициналык жардамга муктаж болгон бардык жарандар үчүн пайдалуу  болот деп ишенебиз», деп баса белгиледи өз сөзүндө  ММК фондунун төрагасы Азамат Муканов.

«ММК фонду: Мамлекеттик кепилдиктер» мобилдик тиркемеси ММК фондунун кызматкерлери тарабынан иштелип чыгууда.

PS: мобилдик тиркеме кыргыз жана орус тилдеринде болот

No tags added.