Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме. На сайте ведутся технические работы

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

ММК фонду кыргызстандыктардын жана чет өлкөлүк жарандардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө ММК Полисин сатып алууда

11.08.2023

ММК фонду кыргызстандыктар жана чет өлкөлүк жарандар үчүн жеңилдетилген медициналык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн алуу үчүн ММК Полисин төлөөгө мүмкүн болгон төлөм системаларынын тизмесин кеңейтүүдө.

«Pay24» компаниясы ММК Полисин сатып алууну каалагандарга ыңгайлуулукту жана жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу үчүн өзүнүн төлөм системасына медициналык камсыздандырууну тариздөө жана төлөө кызматын киргизип, төлөм терминалдарынын тармагын кеңейтти. Эми Кыргызстандын ар бир жараны, ошондой эле чет өлкөлүк жарандар жана чет өлкөлүк студенттер «Pay24» кызматынан пайдалана алышат.

Мындан тышкары, «Pay24» төлөм системасы ММК Полисин төлөө жана тариздөө үчүн банктардын кызмат көрсөтүүлөрүнө киргизилген:

- ОАО "Айыл Банк"

- ОАО РК "АМАНБАНК"

- ОАО Банк "Бай-Тушум"

- ОАО "Бакай Банк"

- ЗАО "Банк Азии"

- ЗАО "Банк Компаньон"

- ЗАО "Демир Кыргыз Интернэшнл Банк"

- ОАО "Дос-Кредобанк"

- ОАО "Керемет Банк"

- ЗАО "Кыргызский Инвестиционно-Кредитный Банк"

- ЗАО "Кыргызско-Швейцарский Банк"

- ОАО "Кыргызкоммерцбанк"

- ОАО "Коммерческий Банк КЫРГЫЗСТАН"

- ЗАО "ФИНКА Банк"

- ОАО "Халык Банк Кыргызстан"

- ЗАО "ЭкоИсламикБанк"

«Pay24» компаниясы: "Биздин ММК фонду менен өнөктөштүгүбүз кыргызстандыктар жана чет өлкөлүк жарандар үчүн ММК Полисин алуу процессин кыйла жеңилдетип, аны ыңгайлуу жана жеткиликтүү кылат деп ишенебиз. «Pay24» жана биздин өнөктөштөр банктар сервистин жогорку деңгээлин жана аны тариздөөдө коопсуздукту камсыз кылууга даяр".

No tags added.