Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме. На сайте ведутся технические работы

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

ММК фондунун ишеним телефону жарандардын суроолоруна жооп берет.

14.08.2023

Жалал-Абад облусунун тургуну ММК Фондунун 113 шыр байланышына кайрылып,  “Ооруканага жаткан учурдаДарт баяны" ачуу үчүн кошумча акы төлөө керекпи?”

 ММК фонду бардык жарандарга " Дарт баяны"  тариздөө үчүн бейтаптардан акы алынбашы керектигин маалымдайбыз.

Эгер сизден акы төлөөнү суранышса, оорукананын администрациясына кайрылууну сунуштайбыз. Эгерде жетиштүү чара көрүлбөсө, ММК Фондунун 113 номери боюнча кайрылсаңыздар болот. Биз мындай учурларда тиешелүү чараларды көрүүгө даярбыз.

Эскерте кетсек, оорукананын кассасына кошумча төлөм жүргүзүүдө акысыз медициналык кызматтардын тизмесине төмөнкүлөр кирет:

  • ооруканага жаткыруу, дарылоо жана наркоз менен операция жасоо кошумча акы төлөбөстөн.  
  • кымбат баалуу жана жогорку технологиялуу изилдөөлөрдөн  башка анализдерди жана изилдөөлөрдү жүргүзүү.
  • жашоо үчүн маанилүү дары-дармек каражаттарынын тизмесиндеги дары-дармектер менен камсыздоо (тизмени бөлүмдөн караңыз!)
  • медициналык буюмдар менен камсыз кылуу (шприц, кебез, спирт, системалар ж.б.).
  • дарт баянынан көчүрмө, убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасы.

ММК фондунун шыр байланышына - 113 номерине күн сайын республиканын бардык облустарынан келген жарандардан көрсөтүлүп жаткан медициналык кызматтардын сапатына, дары-дармек менен камсыз кылууга жана бейтаптардын укуктарына тиешелүү 100дөн 200гө чейинки чалуулар келип түшөт.

Урматтуу жарандар!

Биз үчүн, ММК фондуна, ар бир чалуу маанилүү, биз жардам берүүгө жана медициналык кызматтарга тиешелүү суроолорго жооп берүүгө даярбыз.

ММК Фондунун шыр байланышына -113 номерине чалыңыз. Бардык түзмөктөрдөн чалуулар акысыз.

Биз дем алыш күндөрүн кошпогондо, 9.00 дөн 18.00 гө чейин иштейбиз.

No tags added.