Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме. На сайте ведутся технические работы

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

2023-жылдын биринчи жарымында үй-бүлөлүк дарыгерлер тарабынан 870 миңден ашык жеңилдетилген рецепттер берилген

15.08.2023

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду калктын жеңилдетилген дары-дармектерге жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууну улантууда.

2023-жылдын башынан июнь айына чейин үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун, жалпы дарыгерлик практика борборлорунун жана фельдшердик-акушердик пункттардын дарыгерлери тарабынан жарандарга жеңилдетилген дары-дармектерге 870,9 миң электрондук рецепт берилген.

Рецепттердин чоң бөлүгү, тагыраагы 820 миңи 50%га чейинки жеңилдик менен камсыздандырылган жарандарга, анын ичинде кош бойлуу аялдарга, балдарга жана пенсионерлерге берилген.

Дары-дармек менен жардамга муктаж бейтаптарга, тактап айтканда, бронхиалдык астма, эпилепсия, параноиддик шизофрения, аффективдүү бузулуулар менен ооруган жарандарга жана рактын терминалдык стадиясында тургандарга 60 миңге жакын рецепттер берилген. Бул рецепттер дары-дармектерге 90%га чейин арзандатууну камсыз кылган.

Калк үчүн жеңилдетилген дары-дармектерди саткан дарыканаларга компенсациялардын жалпы суммасы 208,4 млн сомду түздү, алар өз убагында ММК фондунан каржыланды.

Үй шартында дарыланууга муктаж болгон ар бир камсыздандырылган жаранга жеңилдетилген дары-дармектерди алуу мүмкүнчүлүгү берилгенин эскертебиз.

Тиешелүү көрсөткүчтөр болгон учурда үй-бүлөлүк дарыгер 50%га чейинки арзандатуу менен электрондук рецепт бере алат. Дары-дармектерди алуу үчүн жаран дарыканага ID-картада көрсөтүлгөн рецепттин номерин жана ПИНди көрсөтсө жетиштүү.

Компенсациялануучу дары-дармек каражаттарынын маалымдамасы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун сайтында жарыяланып турат, анда сиз дары-дармектердин ассортименти менен кеңири тааныша аласыз.

http://foms.kg/ru/spavochniki/

No tags added.