Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме. На сайте ведутся технические работы

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

ММК фондунун 113 шыр байланыш телефонуна түшүндүрмө берүү өтүнүчү менен чалуу түшкөн

18.08.2023

Мамлекеттик стационарлардын бирине мээсине кан куюлуп кеткен чет элдик жаран жаткырылды. Ал Кыргызстанда жашайт жана иштейт, медициналык камсыздандыруу үчүн Социалдык фондго туруктуу негизде чегерүүлөрдү жүргүзөт. Ал оорукананын кассасына канча кошумча төлөм төлөшү керек?

ММК фонду билдиргендей, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга, тактап айтканда, аларга карата ММК төгүмдөрү түшүп жаткан жана ММК Полиси бар жарандарга Кыргызстандын камсыздандырылган жарандары сыяктуу эле медициналык кызмат көрсөтүлөт. Тактап айтканда, жогоруда аталган бейтап кошумча төлөмдү орто деңгээлдеги оорукананын кассасына төлөйт.

Эскерте кетсек, кошумча төлөмдүн суммасы оорукананын деңгээлине жана оорунун профилине жараша болот. Шаардык жана райондук ооруканаларга терапевттик профилге жаткырууда кошумча төлөм – 840 сомду, ал эми Улуттук борборлордо - 1160 сомду түзөт.

Маанилүү!

Үй-бүлөлүк дарыгердин ооруканага жаткырууга жолдомосу бар өзгөчө кырдаалдардан тышкары, өмүргө коркунуч туудурган абалдан чыгарылганга чейин акысыз.

Дарыгердин жолдомосу жок болгон учурда максималдуу деңгээлдеги кошумча төлөм жүргүзүлөт.

ММК боюнча камсыздандырылбаган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар медициналык кызмат көрсөтүүлөр үчүн чет өлкөлүк жарандар үчүн баалардын Прейскуранты боюнча төлөшөт.

Суроолор барбы?

113кө, ММК фондунун ишеним телефонуна чалыңыз.

No tags added.