Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме. На сайте ведутся технические работы

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

"ММК полиси" маалымат базасы калыбына келтирилди

01.11.2023

25-октябрь, 2023-жылы ММК Фондунун "ММК полиси" маалымат базасын жаңыртууда үзгүлтүк болуп, ММК полиси үчүн акы төлөгөн жарандар камсыздандырылган эмес деп белгиленишине алып келген.

ММК фондунун маалыматтык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн адистери ошол эле күнү үзгүлтүктү аныктап, окуянын себебин аныктоо үчүн ыкчам талдоо жүргүзүштү. Азыркы учурда "ММК полиси" маалымат базасын калыбына келтирүү процесси жүрүп жатат.

Мухтар уулу Тилек, ММК фондунун маалыматтык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы: "Биз системанын туруктуу иштешин калыбына келтирүү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшап жатабыз. Маалыматтар базасынын бузулушу камсыздандырылгандык статусуна таасир этпейт, анткени негизги маалыматтар автоматтык түрдө ММК фондунун серверинде сакталат. Камсыздандырылган жарандарга медициналык жардам көрсөтүүнүн бардык жеңилдетилген шарттары сакталат. Ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайбыз".

ММКФ базанын туруктуу иштебеши тууралуу  аймактык башкармалыктарга кабарлаган жана жарандар кайрылганда маалыматтарды кол менен киргизүгөө  тийишдигин. Маалыматтар базасы боюнча камсыздандырылган адамдын статусу жок болгон кезде, бирок төлөгөндүгү жөнүндө квитанция болгон учурда саламаттык сактоо уюмдары аны камсыздандырылган жаран деп эсептөөгө тийиш.

Саламаттык сактоо уюмдарындагы маалыматтар базасы боюнча камсыздандырылгандык статусу жок болсо, жарандардан ММК фондунун 113 түз байланышына кайрылууну өтүнөбүз. 113 ишеним телефону штаттык режимде иштейт, бардык келип түшкөн чалуулар онлайн режиминде катталат. Бош эмес учурда линияларды кайра чакырууну суранабыз.

ММК Полисинин колдонуу мөөнөтү акы төлөнгөн учурдан тартып 5 календардык күндөн кийин келерин эскертебиз. Пландуу ооруканага жаткыруудагы жеңилдиктер учурдагы камсыздандыруу статусу болгондо гана берилет.

No tags added.