Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме. На сайте ведутся технические работы

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

Саламаттык сактоо уюмдарына калкка көрсөтүлүүчү медициналык кызматтын сапатын жогорулатуу үчүн 187 миллион сом бөлүнгөн

12.01.2024

2023-жылы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан Саламаттык сактоо уюмдарына калкка көрсөтүлүүчү медициналык кызматтын сапатын жогорулатуу үчүн 187 миллион сом бөлүнгөн

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду 2018-жылы медициналык кызматтарды талаптагыдай эмес көрсөткөндүгү үчүн жазалоо токтотулгандан кийин саламаттык сактоо уюмдарынын жана медицина кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнө терс баа берүүдөн оң баалоого өттү.

Калктан медициналык жардам көрсөтүү боюнча кайрылуулардын эң көп саны үй-бүлөлүк дарыгерлерге (жылына 9 миллионго жакын кайрылуу) багытталганын эске алуу менен, көрсөтүлгөн медициналык кызматтын сапатын аныктоо максатында ММК фондунун эксперттери жарым жылдык текшерүүлөрдү жүргүзүшөт.

Натыйжалуулукту баалоо республиканын саламаттык сактоо уюмдарынын сапаттык деңгээлин аныктоого мүмкүндүк берген 150 көрсөткүчтү колдонуу менен жүргүзүлөт.

2023-жылга жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгы боюнча ММК Фонду мекемелердин инфраструктурасын жакшыртууга, 41 жалпы дарыгерлик практика борборуна жана 17 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна керектүү жабдууларды сатып алууга 187 191,3 сом суммасында төлөмдөрдү жүргүзүлдү.

Мындан тышкары, бул чаралар жарандарга комплекстүү медициналык жардам көрсөтүү үчүн уюмдарды стимулдаштырууга жардам берет. Бөлүнгөн финансылык каражаттар медицина кызматкерлерине эмгек акы төлөөгө багытталган эмес жана уюмдардын административдик шарттарын жакшыртууга багытталбаганын белгилей кетүү маанилүү.

ММК Фонду  калк үчүн медициналык кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн дайыма көзөмөлдөп турат жана келечекте саламаттык сактоо уюмдарына финансылык колдоо көрсөтүүнү улантууга ниеттенүүдө.

No tags added.