Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме. На сайте ведутся технические работы

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасы?

15.01.2024

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду

Мыйзам 2023-жылдын 22-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам 2021-жылдын 8-февралындагы КР Президентинин “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгынын алкагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү максатында иштелип чыккан.

Мыйзамга бир катар мыйзамдар интеграцияланган:

“Баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө” (дарылоо бөлүгүндө); “Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдө жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө”;

“Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө”;

“Адамдын органдарын жана (же) ткандарын трансплантациялоо жөнүндө”;

“Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө”;

“Кыргыз Республикасындагы кант диабети жөнүндө”;

“Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндө”;

“Балдарды эмчек эмизип багууну коргоо жөнүндө”; “Медициналык кызматкердин статусу жөнүндө”;

“Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө”.

Ошондой эле КР Президентинин тапшырмасы боюнча Мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда экинчи окууда кошумча ченемдер киргизилген, анда тирүү донордун органдарын алууга, эгерде ал реципиент менен генетикалык байланышта болсо, (жүлүндү алмаштыруу учурларын кошпогондо) жол берилет.

Генетикалык байланыш деп чоң атасынын, таятасынын жана чоң энесинин, таенесинин ата-энелерине чейин (ата-энеси, балдары, ата-энеси бир жана ата-энеси ар башка эркек жана кыз бир туугандары, чоң атасы жана таятасы, чоң энеси жана таянеси, чоң атасынын, таятасынын жана чоң энесинин, таенесинин ата-энелери, неберелери, чөбөрөлөрү, башка кандаш туугандар) жалпы ата-бабалары бар адамдардын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте тиешелүү документтердин негизинде ырасталган тууганчылык байланыш түшүнүлөт.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган учурдан тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

No tags added.