Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме. На сайте ведутся технические работы

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

2024-жылдын 1-февралынан тартып Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полистеринин наркы өзгөрөт

30.01.2024

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2024-жылдын 25-январындагы № 78 «Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полистеринин наркы жөнүндө» буйругуна ылайык, 2024-жылдын 1-февралынан тартып Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полистеринин наркы өзгөрөт.

1.Кыргыз Республикасынын жарандары, Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамдуу жайгашкан жана мыйзамдуу түрдө эмгектенип жаткан үй-бүлө мүчөлөрү үчүн; качкындар, Кыргыз Республикасында башпанеек издеген адамдар жана кайрылмандар үчүн ММК Полиси:

- 12 календардык айга - 1 840 сомду түзөт (1 722 сом  болгон).

Жогоруда көрсөтүлгөн категориядагы адамдар үчүн нарктын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан аныкталуучу өткөн календардык жылда Кыргыз Республикасында түзүлгөн социалдык-демографиялык топ үчүн жашоо минимумуна жараша жүргүзүлөт (жылдын 15-январынан кечиктирилбестен).

2. Чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар үчүн колдонуу мөөнөтү менен:

- 6 календардык айга - 5 955 сом (8 196 сом болгон)

- 12 календардык а йга - 11 910 сом (16 391 сом болгон)

3.Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарында окуп жаткан чет өлкөлүк жактар үчүн колдонуу мөөнөтү менен:

- 12 календардык айга - 11 910 сомду түзөт.

Жогоруда көрсөтүлгөн категориядагы жактар ​​үчүн нарктын өлчөмү отчеттук жылдан кийинки жылдын июнь айында Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан аныкталган өткөн календардык жыл үчүн чет өлкөлүк жарандардын орточо айлык эмгек акысына негизделет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 20-сентябрындагы № 491 “Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому.

No tags added.