Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме. На сайте ведутся технические работы

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

Бейтаптар медициналык камсыздандыруусу жок ооруканага жаткырылганда дарылануунун толук наркын төлөшөт

18.03.2024

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду Кыргызстандын бардык жарандарына ооруканага пландуу жаткыруу учурунда медициналык камсыздандыруу (милдеттүү медициналык камсыздандыруу) жана үй-бүлөлүк дарыгердин жолдомосу болушу керектигин эскертет.

Камсыздандыруусу жок болгон учурда бейтаптар дарылануу үчүн 8400 сомдон 14 310 сомго чейин (кошумча төлөмдүн максималдуу суммасын) төлөшөт.

Эгерде камсыздандыруусу же ММК полиси болсо, дарылоо мекемелерине жаткырылганда бөлүмдүн профилине (терапия же хирургия), ошондой эле деңгээлине (Улуттук борборлорго) жараша 840/1090 сомдон 1160/1510 сомго чейин (кошумча төлөмдүн орточо суммасы) төлөшөт.

Кошумча төлөмдү төлөөчү камсыздандырылган категорияга кайсы жарандар кирет?

1. Алар үчүн иш берүүчү тарабынан милдеттүү медициналык камсыздандыруу төгүмдөрү төлөнгөн иштеген жарандар.

2. ММК полиси бар адамдар, анын ичинде милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча төгүмдөрдү өз алдынча төлөгөн адамдар.

3. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча төгүмдөрдү төлөөчү дыйкан (фермер) чарбасынын мүчөлөрү.

4. 70 жашка чейинки пенсионерлер.

5. 6 жаштан 16 жашка чейинки балдар (жалпы билим берүү уюмдарынын, медреселердин окуучулары - окуусун аяктаганга чейин, бирок 18 жашка чыкканга чейин).

6. Калкты иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызмат органдарында расмий катталган жумушсуздар

 7. Күндүзгү орто жана жогорку окуу жайларынын студенттери 21 жашка чыкканга чейин

8. Кыргыз Республикасынын аскер кызматчылары.

9. Ай сайын социалдык жөлөкпул алган адамдар

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу статусун кантип билүүгө же текшерүүгө болот (камсыздандыруунун болушу)

  1. Үй-бүлөлүк медицина борборуна кайрылыңыз
  2. "Түндүк" порталынан https://portal.tunduk.kg/beta_site 
  3. ММК фондунун сайтынан  https://foms.kg/ru/status/
  4. ММК фондунун 113 шыр байланыш телефонуна чалып
  5.  “ММК фонду”, “Түндүк” жана “MBANK” мобилдик тиркемелери аркылуу.

Бардык жарандарга шашылыш жана кечиктирилгис медициналык жардам дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыздоону кошкондо, бейтаптын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген абалдан чыгарылганга чейин акысыз көрсөтүлөрүн эскертебиз.

No tags added.