Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме. На сайте ведутся технические работы

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

Чет өлкөлүк жарандар, ошондой эле биздин өлкөдө жашаган же окуган чет өлкөлүк студенттер медициналык кызматтарды алуу үчүн милдеттүү мед

03.04.2024

Чет өлкөлүк жарандар, ошондой эле биздин өлкөдө жашаган же окуган чет өлкөлүк студенттер медициналык кызматтарды алуу үчүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин (ММК полиси) сатып алышы керек.

Бул үчүн биринчи кезекте калкты тейлөө борборлорунун биринен жеке идентификациялык номерди (ПИН-код) алуу зарыл. Жеке идентификациялык номердин болушу ММК полисин алуу үчүн милдеттүү шарт болуп саналат.

ММК полиси адистердин консультациясы, диагностикалык жана лабораториялык изилдөөлөр, дарылоо, дары-дармектер, башка медициналык процедуралар, ошондой эле стационарга жаткырууда жеңилдетилген шарттардагы медициналык кызматтарды камтыган медициналык кызматтардын кеңири спектрин алууга мүмкүнчүлүк берет.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин алуу чет элдик жарандарга жана студенттерге Кыргызстанда жүргөндө жардам берүүгө багытталган.

Кошумча маалымат:

• ПИН-кодду алуу боюнча нускамалар бардык Калкты тейлөө борборлорунда жеткиликтүү.

• ММК полисине байланыштуу суроолор боюнча ММК фондунун күнү-түнү иштеген 113 шыр байланыш телефонуна кайрылсаңыздар болот. Бардык телефондордон чалуу акысыз.

No tags added.