Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме. На сайте ведутся технические работы

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

ММК фонду 2024-жылдын биринчи кварталында республиканын 149 саламаттык сактоо уюмун толук каржылоону камсыз кылды

08.04.2024

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду 2024-жылдын биринчи кварталында республиканын 149 саламаттык сактоо уюмун толук каржылоону камсыз кылды

Бейтаптарга медициналык жардамды өз убагында жана сапаттуу көрсөтүү үчүн Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген 149 саламаттык сактоо уюмуна дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды (шприцтер, системалар, кол каптар жана башка) сатып алуу үчүн гана 443,7 млн ​​сомго каржылоо жүргүзүлдү.  Башкача айтканда, саламаттык сактоо уюмдарынын 2024-жылдын 1-кварталына дары-дармек каражаттарын сатып алуу үчүн финансылык ресурстарга болгон муктаждыктарын 100% камсыз кылды.

ММК фонду финансылык жана башкаруучулук автономияга ээ болгон саламаттык сактоо уюмдары Мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык бардык бейтаптарды Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын тизмесинен зарыл болгон дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыздоого жана чыгымдарды пландаштырууга тийиш экендигин эскертет.

No tags added.