Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме. На сайте ведутся технические работы

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

ММКФ: ММК полисинин алкагында кант диабетин кантип көзөмөлдөшү керек

26.06.2024

ММК полиси боюнча көрсөтүлүүчү алдын алуу чаралары кант диабетин эрте аныктоого жана олуттуу оорулардын алдын алууга багытталган.

Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында катталган жери боюнча Үй-бүлөлүк медицина борборунда (ҮМБ) жыл сайын профилактикалык кароодон өткөрүүнүн аркасында жашыруун жана коркунучтуу кант диабетин өз убагында аныктоо мүмкүн.

Эгерде оорунун алгачкы белгилери байкалса, диагноз коюу жана дарылоо үчүн үй-бүлөлүк дарыгерге же эндокринологго тезинен кайрылуу керек. Дарыгер керектүү анализдерди тапшырышы үчүн, абалыңызды туура сүрөттөп берүү маанилүү.

Көрсөткүчтөр болгон учурда кабыл алуу, консультация берүү, кантка канды жана заараны анализдөө, кошумча изилдөөлөрдөн өтүү бюджеттик каражаттардын эсебинен бардык камсыздандырылган жарандарга, анын ичинде ММК полисин сатып алган адамдарга акысыз жүргүзүлөт.

Кант диабетин натыйжалуу алдын алуу өзгөчө коркунучта тургандар үчүн, ошондой эле анын пайда болушун алдын алууну каалагандар үчүн маанилүү.  

Үй-бүлөлүк медицина борборлорундагы (ҮМБ) же диабет менен байланышкан бардык маселелер боюнча ар тараптуу колдоо көрсөтүлгөн атайын диабет мектептериндеги үй-бүлөлүк дарыгерлерден жардам сурап кайрылууга боло тургандыгын эскертебиз.

ММКФ бардык жарандарды өз ден соолугуна кам көрүүгө, үзгүлтүксүз медициналык кароодон өтүүгө жана сапаттуу медициналык жардам алуу үчүн ММК полисин колдонууга чакырат.

Маалымдама:

Кант диабети эки типке бөлүнөт жана анын ар биринин өзүнчө өзгөчөлүгү бар.

Биринчи типтеги диабет балалык же өспүрүм куракта башталат, бирок каалаган убакытта пайда болушу да мүмкүн. Негизги белгилерге ооздун кургашы, суусашы, табиттин жогорулашы, заара ушатуу, айрыкча түнкүсүн, алсыздык, чарчоо, теринин жана былжыр челдин кургашы жана көрүүнүн начарлашы кирет. Бул белгилер экинчи типтеги диабетке да мүнөздүү, ал көпчүлүк учурда 40 жаштан ашкан ашыкча салмактагы же семиз адамдарда пайда болот

Ошондой эле, кант диабетинин пайда болуу коркунучунун факторлоруна иммунитеттин начарлашы, генетикалык шыктуулук, жүрөк-кан тамыр оорулары, туура эмес тамактануу жана алкоголдук ичимдиктер кирет. Бүгүнкү күнгө чейин бейтаптардын басымдуу көпчүлүгү 80%дан ашыгы экинчи типтеги диабет менен ооруган адамдарды түзөт.

No tags added.