Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме. На сайте ведутся технические работы

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

Кош бойлуу кезде бөйрөк оорусунан кантип сактануу керек

01.07.2024

Кош бойлуу аялдардын жашыруун заара-жыныс жугуштуу ооруларын өз убагында аныктоо балада да, энеде да олуттуу кыйынчылыктарды азайтууга жардам берет. Аялдар кош бойлуулуктун 12 жумасына чейин каттоодон өтүшү керек, ошондуктан дарыгерлер аларды текшерип, заара чыгаруу жолдорунун жашыруун инфекциясына шек болсо, Грам ыкмасы менен бактериурияга заара анализин жазып беришет. Анализ бекер жүргүзүлөт.

Маанилүү шарт – кош бойлуу аял үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда (ҮМБ) каттоодо болуп, үй-бүлөлүк дарыгердин каттоосунда болуп жана бекер текшерүүдөн өтүүгө жолдомо алышы керек.

Эмне үчүн дарыгерлер кош бойлуу аялдарга эрте катталып төмөнгүдөн текшерүүдөн өтүүнү сунушташат:

  1. Алгачкы стадиядагы инфекцияларды, анын ичинде асимптоматиктерди аныктоого жана өз убагында дарылоону баштоого мүмкүндүк берет, бул алардын прогрессиясын жана татаалдануусун алдын алат.
  2.  Кош бойлуу аялда пиелонефрит (бөйрөк инфекциясы) орчөп кетүү коркунучун азайтат.
  3.  Түйүлдүктүн оор кесепеттеринен (ара төрөт, аз салмак, боюнан түшүп калуу) сактайт.
  4.  Кош бойлуулуктун жагымдуу өтүүшүн камсыздайт.

Кош бойлуу аялдар (Кыргызстандын жарандары) кош бойлуулугу боюнча катталган учурдан тартып 12 ай бою милдеттүү медициналык камсыздандырууда камсыздандырылаарын эскертебиз, бул аларга жеңилдетилген медициналык кызмат көрсөтүүгө укук берет.

Кош бойлуулуктун биринчи триместринде Грам боёо ыкмасын колдонуу менен заараны бактерияга текшерүү эненин жана баланын ден соолугун сактоого, кыйынчылыктардын алдын алууга жана жакшы кош бойлуулукту камсыз кылууга жардам берет.

Дагы эле суроо барбы? ММКнын күнү-түнү саат бою иштеген 113 ишеним телефонуна чалыңыз, бардык тузүлүштөрдөн  чалуулар акысыз.

No tags added.