Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме.

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

🔵ММКФ алкагында студенттерден 113 ишеним телефонуна” келип түшкөн эң көп таралган суроолорун түшүндүрүшөт. Студент ММК полисин сатып алы

18.10.2024

🔵 Студент ММК полисин сатып алышы керекпи?

Эгерде студент Кыргызстандын жараны болсо, күндүзгү бөлүмдө окуса жана 21 жаштан улуу болбосо, ал автоматтык түрдө ММК боюнча камсыздандырылат.

Студент медициналык жардам алуу үчүн өзүнүн окуу жайынын (ЖОЖ же КТОЖ) студенттик бейтапканага же медициналык пунктка кайрыла алат. Эгер медициналык пункт жок болсо, ал жашаган жери боюнча Үй-бүлөлүк медициналык борборго катталып, студенттик билетин же ID-картасын көрсөтөт.

Студент башка регионго көчүп барганда медициналык жардам ала алабы?

Камсыздандырылган студент жашаган региону жана окуу жайы алмашканда Үй-бүлөлүк медицина борборуна ID-картасы менен кайрылып, иш жүзүндө жашаган жери боюнча үй-бүлөлүк дарыгерге жазылышы керек. Ошондо ал Мамлекеттик кепилдиктер программасында каралган медициналык кызматтардын тизмесин алат.

ММК полисин каттоо үчүн кандай документтер талап кылынат?

Студент ММК полисин каттоодо Кыргызстандын жаранынын ID-картасы талап кылынат.

Студенттер ММК полиси боюнча айрыкча эмнелерди ала алышат?

- Катталган жери боюнча дарыгерге келүүгө;

- дарыгерди үйгө чакырууга;

- атайын адистердин дарылоосун жана кеңешин алууга;

- лабораториялык жана инструменталдык текшерүүдөн өтүүгө (40 түрү);

- 50%га чейин арзандатуу менен электрондук рецепт боюнча дары-дармек алууга;

- 50%га чейин арзандатуу менен күндүзгү стационардык жана физикалык жардам алууга;

- орточо кошумча төлөмдү төлөө менен стационарда дарыланууга.

☎️Маалыматты “ММК фондунун ыкчам байланышына” күнү-түнү иштеген 113-номери боюнча телефон чалса болот. Бардык операторлордон чалуулар акысыз.

No tags added.