Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме.

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

ММК фонду камсыздандырылган жарандар 50%га чейин арзандатуу менен жеңилдетилген дары-дармектерди сатып алууга укуктуу экендигин билдирет.

11.10.2024

Жеңилдик жеңилдетилген дары-дармек менен камсыздоо программасынын алкагында берилет жана бир катар шарттар сакталган учурда гана жеткиликтүү.
▶️50% га чейин арзандатылган жеңилдетилген дары-дармектер ММК системасы боюнча камсыздандырылган жарандарга гана жана медициналык көрсөткүчтөр болгондо гана жазылат. Үй-бүлөлүк медицина борборунун үй-бүлөлүк дарыгери электрондук рецепт менен жазып, ал боюнча дары-дармектерди сатып алууга болот.
▶️Дары препараттарын жеңилдетилген баада ММК фонду менен келишим боюнча иштеген дарыканалардан сатып алса болот. Азыркы учурда жеңилдетилген дары-дармектердин тизмеси ар кандай ооруларды дарылоого арналган 600дөн ашык фирмалык аталыштарды камтыйт, тизме менен ММК фондунун сайтынан, ошондой эле үй-бүлөлүк дарыгерден жана дарыканалардан таанышууга болот.
❗Электрондук рецепт жазылган учурдан тартып бир айдын ичинде колдонуларын жана республика боюнча дарыканаларда кабыл алынарын белгилеп кетүү маанилүү.
☎️Эге сизде дагы суроолор болсо, күнү-түнү иштөөчү ММК фондунун 113-ишеним телефонуна чалыңыз (дем алыш күндөн тышкары). Бардык түзмөктөрдөн чалуулар акысыз.

No tags added.