ММКфондун активисттер менен биргелешкен маалымат кампаниясынын алгачкы жыйынтыктары чыгарылды: Чүй, Баткен жана Ысык-Көл облустары лидер
02.10.2024
Азамат Мукановдун төрагалыгы алдында ММК фонду тарабынан уюштурулган лидерлерди жана активисттерди тартуу боюнча маалыматтык кампаниянын алкагында өлкө боюнча аймактык башкармалыктардын директорлорунун катышуусунда тренинг өткөрүлдү.
ММК Полисин ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча бүгүнкү күндө алгачкы жыйынтыктар чыгарылып,:
1. Чүй облусу
2. Баткен облусу
3. Ысык-Көл облусу
Алдыңкы үч аймактык башкармалыктын директорлору облустун активисттери жана лидерлери менен тажрыйба алмашышты, ошондой эле түзүлгөн Ватс апп чаттар аркылуу түзүлгөн өз ара байланышты талкуулашты.
Калкка медициналык кызматтарды алуу укугу жөнүндө маалымат берүүдө жана медициналык камсыздандыруу программаларын киргизүүдө бул багыттар мыкты натыйжаларды көрсөттү.