Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме.

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн жеңилдетилген медициналык кызмат көрсөтүүлөр

28.10.2024

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (ДМЧА) Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча жеңилдетилген категорияга киргизилгенин жана бир катар медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү Үй-бүлөлүк медицина борборлорунан (ҮМБ) жана мамлекеттик көп профилдүү стационарлардан акысыз алаарын эскертет.

ҮМБда акысыз кызмат көрсөтүүлөр төмөнкүлөрдү камтыйт:

- дарыгердин консультациясын жана дайындоосун;

- эмдөөнү;

- ийне саюуну (дарыларды жана шприцтерди бербестен);

- лабораториялык изилдөөнү;

- физиотерапия жана реабилитациялык кызмат көрсөтүүлөрдү;

- күндүзгү стационарда дарыланууну (дарыны, системди жана шрпицтерди бербестен).

Бул кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн төмөнкүлөр талап кылынат:

- жашаган жери боюнча ID-картасы менен үй-бүлөлүк дарыгерге катталууну;

- жеңилдик статусун (КР МСЭК) ырастаган документтин болушун;

- изилдөөгө берилген  дарыгердин жолдомосу.

Медикаменттерге жана изилдөөлөргө жеңилдетилген шарттар

ДМЧА бекитилген тизмеден дарыларга төмөнкүдөй  арзандатууларды ала алышат: бронхиалдык астма жана терминалдык стадиядагы онкология сыяктуу өнөкөт ооруларга каршы дары-дармектерге 90%га чейин жана башка ооруларга 50%га чейин. Ошондой эле УЗИге жана рентгенге 50%га чейин   арзандатуу каралган.

Мамлекеттик стационарларда медициналык кызмат көрсөтүүлөр

ДМЧА жылына эки жолу кошумча акы төлөбөстөн ооруканага жаткырылышы мүмкүнӨзгөчө кырдаалдар болгон учурда кечиктирилгис жардам акысыз көрсөтүлөт. Ошондой эле дары-дармектер, анализдер жана наркоз астында операциялар менен камсыз кылуу да каралган.

Өтө маанилүү! Дарыгердин жолдомосу же жеңилдигин ырастоочу документи жок учурда кызмат көрсөтүүлөр ҮМБда баалардын прейскуранты боюнча/ стационарда максималдуу белгиленген тарифтер боюнча төлөнөт.

Эгерде суроолор болсо ММКФнын күнү-түнү иштеген “113 ишеним телефонуна” чалыңыздар. Бардык түзмөктөрдөн чалуулар акысыз.

No tags added.