Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме.

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

Темир жетишсиздик анемиясынын алдын алуу: балдар мамлекеттик кепилдик менен акысыз текшерүүдөн өтө алышат

04.11.2024

Милдеттүү камсыздандыруу фонду (ММКФ) ата-энелерге балдардагы темир жетишсиздик анемиясынын алдын алуу жана эрте диагностикалоонун маанилүүлүгүн эскертет. Мамлекеттик кепилдик программасынын алкагында балдар камыздандырылган жана анемия белгилерин аныктоо үчүн акысыз текшерүүдөн өтө алышат.

Алсыздык, терисинин кубаруусу, аппетиттин жоголушу сыяктуу алгачкы симптомдордо ата-энелер катталган жери боюнча үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылып, консультация алып, керектүү лабораториялык текшерүүдөт өтсө болот.

Үй-бүлөлүк дарыгер алгачкы текшерүүнү жүргүзөт, сунуштарды берет жана зарыл болгон учурда дарыгер гемоглобиндин деңгээлин жана темир жетишсиздик анемиясынын бар экендигин ырастаган башка көрсөткүчтөрдү баалоо үчүн кан анализине жолдомо берет. Бардык көрсөтүлгөн кызматтар, анын ичинде консультациялар, лабораториялык изилдөөлөр жана жолдомо акысыз көрсөтүлөт.

Эгерде “темир жетишсиздик анемиясынын” диагнозу ырасталса, дарыгер женилдетилген дары-дармектердин маалымдама китебинде сунушталган тизмеден темир препараттарына электрондук рецепт жазат. Ата-энелер бул дарыларды ММК фонду менен келишим түзгөн дарыканалардан 50%га чейин арзандатуу менен сатып ала алышат.

ММКФ ата-энелерди мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, скринингден өтүүгө үндөйт, анткени темир жетишсиздик анемиясын өз убагында аныктоо жана дарылоо баланын дени сак өнүгүшүнө жана мүмкүн болуучу кыйынчылыктардын алдын алууга жардам берет.

Суроолоруңуз болсо ММКФнын 113 күнү-түнү иштеген ишеним телефонуна чалыңыз, бардык түзмөктөрдөн чалуулар акысыз.

No tags added.