Некролог: Мамакеев Мамбет Мамакеевич 98 жашында дүйнө салды.
24.11.2024
Залкар хирург, медицина илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, Улуттук илимдер академиясынын мүчөсү, Кыргыз Республикасынын баатыры Кыргыз эли орду толгус оор жоготууга учурады.
Мамакеев Мамбет Мамакеевич 1927-жылдын 1-октябрында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кереге-Таш айылында туулган. Ал 1952-жылы Кырыз мамлекеттик медициналык институтун бүткөн, медицина илимдеринин доктору (1970), профессор (1972). Кыргызстан УИАнын академиги (1993; мүчөсү 1989) Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмери (1987) болгон. Ал өз иш тажрыйбасында 30 миңдей операция жасаган.
Мамакеев 120дан ашык илимий эмгектин (анын ичинде 8 монография) автору. Hегизги илимий эмгектери өттүн таш оорусун хирургиялык жол менен дарылоо, ошондой эле орулууларга хирургиялык шашылыш жардам көрсөтүүгө арналган. Анын «Катуу кармаган холециститти хирургиялык дарылоо», «Уйку безинин сезгениши» деген жана башка эмгектеринин мааниси өтө чоң.
Гиннестин рекорддор китебинин расмий сайтындагы маалыматка караганда, кыргызстандык хирург, коомдук ишмер Мамбет Мамакеев дүйнөдө өз кесиби менен эң узак иштеген адис деп табылган. Мамбет Мамакеев Кыргызстандын Улуттук хирургия борборунун ардактуу директору жана ал борборго хирургдун аты берилген.
СССРдин Жогорку Кеңешинин экинчи жана төртүнчү чакырылыштарынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин депутаты, Кыргызстандын Хирургиялык коомдор ассоциациясынын президенти. Илимдин 15 докторун, 26 кандидатын тарбиялаган. Hегизги илимий эмгектери өт ооруларын дарылоо, өттөгү ташты хирургиялык жол менен алуу ыкмаларын камтыйт.
Ал Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери (1973). Республикасылык хирургдар коомунун төрагасы (1980). Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин саламаттык сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү болгон.
2004-жылы «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамы ыйгарылган жана “Манас” ордени жана башка мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган.
Мамакеев Мамбет Мамакеевичдин жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Анын эмгектери Кыргыз Республикасынын тарыхында түбөлүккө калат.
ММК фондунун төрагасы А.К.Муканов