Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме.

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

Эрнст Акрамов: Кыргызстан оор жоготууга учурады.

26.11.2024

Кыргызстан оор жоготууга учурады. Белгилүү хирург, окумуштуу, мамлекеттик жана коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры, медицина илимдеринин доктору, профессор Эрнст Хашимович Акрамов 89 жашында дүйнө салды. Анын ысымы түбөлүккө медицинага, илимге берилгендиктин жана өз элине кызмат кылуунун символу болуп кала берет.

Эрнст Хашимович 1936-жылдын 24-июнунда Фрунзе шаарында туулган. 1960-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун артыкчылык диплому менен аяктап, хирург катары жаркын карьерасын өлкөнүн алдыңкы адистеринин бири болуу менен баштаган. 1992-жылы Чүй облустук ооруканасынын жалпы хирургия бөлүмүн жетектеп, анын жетекчилиги астында алдыңкы медициналык борборго айланган. Анын эмгеги үчүн 2023-жылы оорукана анын урматына кайра өзгөртүлгөн.

Эрнст Акрамов 2002-жылдан бери реконструктивдүү-калыбына келтирүүчү хирургия илимий борборун жетектеп, алдыңкы дарылоону киргизип, миңдеген адамдардын өмүрүн сактап калууга жардам берип келген. Иштеген жылдары ал 17 илимдин докторлорун жана кандидаттарын даярдап, 350дөн ашык илимий эмгектерин жарыялаган жана 23 патенттин автору болгон.

Анын эмгектери “Данакер” ордени, “Алтын Шумкар” медалы, Н. Пирогов ордени, Мустафа Кемал атындагы Алтын медаль, ошондой эле КМШдагы “Жылдын адамы” жана Кыргызстандагы “Жылдын дарыгери” наамдары сыяктуу көптөгөн сыйлыктар менен сыйланган.

Эрнст Хашимович ата мекендик медицинаны жана илимди =нъктъръъг= баа жеткис салым калтырды. Анын чыгармачылыгын шакирттери жана кесиптештери улантып, анын мурасын жашоого алып келишет.

Улуу хирургдун жана көрүнүктүү адамдын жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат. Маркумдун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

No tags added.