Кыргызстанда 27 миңден ашуун бала кыска мөөнөттө болуу бөлүмдөрүнөн жардам алды
27.11.2024
2024-жылы Кыргыз Республикасынын 81 стационарында балдар үчүн кыска мөөнөттө (бир суткага чейин) болуу бөлүмдөрү иштейт, алар 24 сааттын ичинде 16 жашка чейинки балдарга медициналык жардам көрсөтүүгө арналган (мектеп окуучулары — окуусун бүткөнгө чейин, бирок 18 жаштан жогору эмес). Ыкчам маалыматтар боюнча январь-сентябрда 27809 балага медициналык жардам көрсөтүлгөн.
Бөлүм узак госпиталдаштырууну талап кылбаган бейтаптарды дарылоого багытталган. Бейтаптардын негизги үлүшүн 6 жашка чейинки курактагы балдар — 70%ды, анын ичинде 1 жашка чейинки ымыркайлар — 13%ды түзөт. Бул көрсөткүчтөр былтыркы жылдын деңгээлинде калууда.
Балдар бул бөлүмдөргө оорулардын түзүмүндө 60%ы терапиялык учурларды, ал эми 40%ы — хирургиялык кийлигишүүлөрдү жаа манипуляцияларды түзөт.
Кыска мөөнөттө болуу бөлүмдөрү тез арада сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө, ооруканалардын жүгүн азайтууга жана кичинекей бейтаптарга ыңгайлуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет.