Чет өлкөлүк студенттер Бишкек шаарынын Үй-бүлөлүк медициналык борборлорунда медициналык кароодон өтүп башташты.
29.11.2024
Бишкек шаарындагы Үй-бүлөлүк медициналык борборлорунда борбор калаанын ЖОЖдорунда жаа КООЖдордо окуган, милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин алышкан чет өлкөлүк студенттер медициналык кароодон өтүп башташты жана алар окуу жайларынын аймактык жайгашкан жерине ылайык ҮМБга каттоодон өтүшкөн.
Бүгүн 2024-жылдын 29-ноябрында борбор калаанын Темир жол ооруканасында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Бишкек аймактык башкармалыгынын координациясында Эл аралык медициналык жогорку мектебинин студенттери медициналык кароодон өтүп, дарыгерлердин консультациясы, ошондой эле зарыл лабораториялык-диагностикалык изилдөөлөр, анын ичинде флюорография, ВИЧ/СПИД, микрореакция, безгек жана башка текшерүүлөрдөн өтүүдө.
Кыргызстанда билим алып жаткан бардык чет өлкөлүк студенттер милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин сатып алууга милдеттүү жана Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында Кыргызстандын камсыздандырылган жарандары менен бирдей негизде медициналык кароодон өтүп, медициналык кызматтарды алышаарын эскертебиз.
Бүгүнкү күндө борбор калаанын медициналык мекемелеринде 2000ге жакын чет өлкөлүк студенттер медициналык кароодон өтүштү.
Медициналык кароо Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 18.11.24-ж. № 1218 буйругуна ылайык жүргүзүлөт, анда милдеттүү процедуралардын тизмеси камтылган.