Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме.

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

ММКФ: 2024-жылдын 1-жарым жылдыгына медициналык кызматтардын сапатын контролдоо

02.12.2024

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгында медициналык жардамдын сапатын контролдоо боюнча өз иш-аракеттеринин алкагында 77 баштапкы медициналык-санитардык жардам мекемесинин (БМСЖ) жана 77 оорукананын ишине сапаттын негизги көрсөткүчтөрү боюнча комплекстүү баа  берилди.

Үчүнчү деңгээлдеги ооруканаларда, адистештирилген жана учукка каршы мекемелерде медициналык карталарга экспертиза жүргүзүлдү, ошондой эле шашлыш (тез) медициналык жардам бөлүмдөрүндөгү (ШМЖБ) чакыруулардын карталары текшерилди.

2024-жылдын биринчи жарым жылдыгында бардыгы болуп 22 050 медициналык карта экспертиза жүргүзүлдү, анын ичинде:

    • БМСЖ уюмдарындагы 7200 медициналык картага;
    • СМЖ бөлүмдөрүндөгү чакыруулардын 3150 картага;
    • ооруканалардын деңгээлинде 11 700 медициналык картага.

3000ден ашык бейтаптардын медициналык жардамдын сапатына канааттануусун баалоо үчүн сурамжылоо жүргүзүлдү.

Баалоонун жыйынтыгы боюнча республикада баштапкы медициналык-санитардык жардам мекемелеринде медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууда оң тенденция байкалууда. Белгиленген ченемдик документтерге ылайык келүү көрсөткүчү 3,5%га (2023-жылдын экинчи жарым жылдыгында 60%дан 2024-жылдын биринчи жарымында 63,5%га) чейин өстү.  Өзгөчө Бишкек шаарындагы, ошондой эле Чүй жана Ош облустарынын медициналык мекемелеринде оң натыйжалар белгиленди.  

Сапатты контролдоо медициналык кызматкерлерге ММК фонду менен биргеликте калкка медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу боюнча планын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга жардам берет. 

Медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапаты боюнча суроолорго жана даттанууларга ыкчам жооп берүү үчүн жарандар күнү-түнү иштеген 113 ишеним телефонуна кайрылса болоорун эскертебиз. Адистер кайрылууңузду кабыл алып, зарылдыгына жараша ыкчам чара көрүү үчүн тийиштүү уюмдардын жетекчилерине маалымат берет. Ошондой эле, расмий даттануулар кабыл алынат жана ал жоопкерчиликтүү органдар тарабынан каралат.

Баалоонун маалыматтары менен ММКФнын сайтындагы “Маалыматтарды ачуу” бөлүмүнөн  http://foms.kg/open-data тааныша алаарыңарды эскертебиз.

No tags added.