Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме.

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

Балаңыздын көрүүсүн бекер текшертиңиз!

09.12.2024

Балдардын гаджеттерге сарптаган убактысынын көбөйүшү менен эң кеңири таралганы көрүү көйгөйлөрүнүн бири болуп калды. Кыймылсыз жашоо образы, таза абанын жоктугу жана визуалдык стресстин күчөшү бул тенденцияны гана бекемдейт. Өгөчө тукум куума ыктуулугу бар балдар тобокелдиктерге дуушар болушат: эгерде ата-энесинин экөө тең миопиядан жапа чексе, балада бул көйгөй 92%га көбүрөөк пайда болот.

Көрүүнүн бузулушун өз убагында аныктоо жана оңдоо үчүн ММК фонду Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында мектептерде билим алып жаткан 18 жашка чейинки балдардын көрүүсүн акысыз текшерүү мүмкүнчүлүгүн эскертет. Баланын көрүү курчтугун клиникага кайрылып, катталган жеринен текшере аласыз.

Эмне үчүн текшерүүдөн өтүү маанилүү:

  • Өз убагында диагноз коюу бузуулууларды алгачкы этапта аныктоого жардам берет;
  • Көздүн коррекциясы мектепте жакшы жетишкендиктерге жетүүгө жана оорунун күчөп кетишин алдын алууга өбөлгө түзөт;
  • Үзгүлтүксүз байкоо миопиянын өөрчүп кетүү коркунучун азайтууга мүмкүндүк берет.

Изилдөөгө эмне кирет?

  • Көздүн курчтугун өлчөө;
  • Зарыл болгондо дарыгер-офтальмологдун консультациясы.

Кызмат көрсөтүүлөрдү кантип колдонсо болот?

Ата-энелер баланын катталган жериндеги Үй-бүлөлүк медицина борборунун (ҮМБ) үй-бүлөлүк дарыгерине анын ким экендигин ырастаган документтери (туулгандыгы тууралуу күбөлүк же ID-картасы) менен кайрылуу жетиштүү.

Эгер сизде текшерүүнү жүргүзүү тартиби жөнүндө суроолоруңуз болсо, ММК фондунун 113 телефону боюнча күнү-түнү иштөөчү ишеним телефонуна кайрылсаңыз болот. Ошондой эле толук маалыматты ММК фондунун аймактык башкармалыктарынан же расмий сайтынан алууга болот.

 

No tags added.