Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме.

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

Жарандар үчүн ооруканага жаткыруудан мурун камсыздандырууну текшерүү жөнүндө маанилүү маалымат

16.12.2024

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ММКФ) “113 ишеним телефону” пландуу ооруканага жаткыруу маселеси боюнча кайрылган жарандардан күн сайын чалууларды алат. Көбүнчө алар ММК полиси жок экендигин же жакында эле сатып алынгандыгын, бирок күчүнө кире электигин билдиришет (полис төлөгөндөн кийин 5 календардык күндөн кийин активдештирилет). Ушуга байланыштуу алар максималдуу сумманын ордуна (840 же 1090 сом өлчөмүндө) (8400 сомдон 14 310 сомго чейин) орто деңгээлдеги кошумча төлөмдү төлөй алабы деп сурашат.

ММКФ пландуу ооруканага жаткырууда, медициналык кызматкерлер системага бейтаптын 14 сандуу кодун киргизгенде, пациент камсыздандырылбагандыгы жана система маалыматтарды кабыл албай тургандыгы тууралуу маалымат пайда болоорун билдирет. Ушуга байланыштуу электрондук форматта жүргүзүлүүчү медициналык тарыхты тариздөө мүмкүн болбой калат. Ошентип, ооруканага жаткыруу камсыздандыруу болгондо же максималдуу деңгээлде кошумча төлөм жүргүзгөндө гана мүмкүн болот.

ММК фонду жарандар пландаштырылган ооруканага жаткыруудан мурун Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун https://foms.kg/kg/status/ сайты же 113 номерине медициналык камсыздандыруунун бар же жоктугун жана актуалдуулугун алдын ала текшериши керек. Эгерде ал жок болсо, милдеттүү медициалык камсыздандыруу полисин (терминалдар, мобилдик тиркемелер же банктан) сатып алуу керек. Камсыздандыруу статусу системада аныкталбаса, бейтаптан медициналык кызмат үчүн максималдуу тариф боюнча төлөм талап кылынат, бул олуттуу чыгымдарга алып келет

Мындан тышкары эгер сиз камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөсөңүз дагы, КР Социалдык фондунан алынган маалыматтардын туура экендигине ынануу маанилүү. Каталар болушу мүмкүн жана ооруканага жаткырууда кошумча чыгымдарын болтурбоо үчүн бул дагы эске алынышы керек. Сиздин полисиңиз тууралуу маалымат туура эмес көрсөтүлсө, ММК фондунун күнү-түү иштеген 113 ишеним телефонуна кабарлаңыз. Бул ооруканага жаткыруу учурунда жагымсыз кырдаалдардан жана ашыкча кошумча төлөмдөрдөн качууга жардам берет.   

No tags added.