Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме.

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

Кыргызстанда 2024-жылы 1,5 миллиондон ашык электрондук жеңилдетилген рецепттер берилген

26.12.2024

Кыргызстанда камсыздандырылган жарандарды жана бронхиалдык астма, эпилепсия, параноиддик шизофрения, аффективдик бузулуулар жана онкологиялык оорулар сыяктуу өнөкөт оорулары бар бейтаптарды камтыган жеңилдетилген дары-дармек программасын ишке ашыруу улантылууда. Программанын негизги максаты – жарандар үчүн дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүн, ошондой эле амбулатордук негизде дарылоо мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу болуп саналат.

Программа төмөнкү принциптер боюнча ишке ашырылат:

  1. Электрондук рецептти колдонуу менен милдеттүү түрдө рецепт боюнча дары-дармек чыгаруу.
  2. Эл аралык патенттик эмес аталыштар боюнча дары-дармек каражаттарынын бекитилген тизмеси (ЭПА) жана дары-дармек каражатынын формасына жараша компенсация.
  3. Дары-дармекке кеткен чыгымдар бейтаптар тарабынан жарым-жартылай төлөнүшү.

2019-жылы жана 2021-жылы өлкө боюнча толугу менен ишке киргизилген электрондук жеңилдетилген рецепттик система дары-дармектерди жазып берүү жана берүү процессин жакшыртат. Электрондук рецепттер кагазды алмаштырып, бул – рецептти жазуудан тартып дары-дармекти алууга чейинки бардык этаптарды тездетүүгө жана жөнөкөйлөтүүгө мүмкүндүк берди.

2024-жылдын 11 айында 403,5 миллион сомго 1,56 миллион электрондук жеңилдетилген рецепттер берилген. Анын ичинен рецепттердин 90%ы камсыздандырылган жарандарга, 10%ы жеңилдетилген оорулуу категорияга берилген.

Эң көп рецепттер пенсионерлерге (27%), иштеген жарандарга жана жеке ишкерлерге (20%), фермерлерге жана фермердик чарбалардын мүчөлөрүнө (12%), ошондой эле балдарга жана студенттерге (8%) берилген.

2024-жылдын 1-октябрына карата Кыргызстанда 1111 дарыкана иштейт, анын ичинен 288 дарыкана жана 823 дарыкана пункттары жеңилдетилген электрондук рецепттер боюнча кызмат көрсөтөт. Фармацевтикалык ишканалар жана дарыканалар менен 180 келишим түзүлгөн.

Электрондук жеңилдетилген рецепттер медициналык жардамдын ыңгайлуулугун жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат, ошондой эле жарандарга керектүү дары-дармектерди минималдуу чыгым менен алууну кепилдейт.

No tags added.