Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме.

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

ММК фонду сезондук оорулардын алдын алуу жөнүндө эскертет 

08.01.2025

ОРВИ, сасык тумоо жана башка респиратордук инфекциялар сыяктуу сезондук оорулар ден соолугуңузга олуттуу таасирин тийгизет. Ушуга байланыштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ) медициналык кызмат көрсөтүүлөргө кеңири мүмкүнчүлүк алуу үчүн үй-бүлөлүк дарыгерлерге өз убагында кайрылуунун жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисине кайрылуунун маанилүүлүгүн эскертет.

ММК полиси бар же жогуна карабастан ар бир жаран акысыз ала алат:

  • Үй-бүлөлүк дарыгердин консультациясы: алгачкы симптомдордо (жөтөл, мурундун суусу, дене табынын көтөрүлүшү) Сиз Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун үй-бүлөлүк дарыгерине кайрылсаңыз болот.
  • Дарылоону дайындоо: дарыгер изилдөө жүргүзөт, диагноз коет жана дарылоону дайындайт.
  • Ден соолугунун абалын контролдоо: кошумча чыгымдарсыз кайталап  консультация берет жана абалын көзөмөлдөөгө алат.
  • Лабораториялык изилдөө: акысыз анализдер (12 түр), анын ичинде жалпы кан жана заара анализи, оорунун күчөп кетишине өз убагында аныктоого жардам берет.

Камсыздандырылган жарандар үчүн кошумча артыкчылыктар:

  • 42 түр боюнча кошумча лабораториялык изилдөө.
  • Реабилитациялык жана физиотерапевттик кызмат көрсөтүүлөр (50% арзандатуу менен, анын ичинде УЗИ жана рентгенография.
  • Базалык наркынын 50%га чейинки компенсациялоо менен.
  • 50%га чейинки арзандатуу менен күндүзгү стационардын кызмат көрсөтүүлөрү (дары-дармектерди жана керектелүүчү материалдарды кошпогондо).

ММК полисин кантип тариздейт?
Полис
ти төмөнкүлөр аркылуу тариздесе болот:

  • Мобилдик тиркеме жана терминалдар: Mbank, MegaPay, Pay24, QuickPay, Оной.
  • Банктар: Айыл Банк, Бакай Банк.

Өтө маанилүү: полис акы төлөгөндөн кийин 5 календардык күндөн кийин күчүнө кирет. Кыргызстандын жарандары үчүн наркы 1840 сом жана ал 12 айдын ичинде колдонулат.

Оорунун күчөп кетишин азайтуу үчүн төмөнкү сунуштарды аткарыңыз:

  1. Оорунун алгачкы симптомдорунда үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылыңыз.
  2. Дарыгер жазып берген дарыларды гана ичип, анын сунуштарын так аткарыңыз.
  3. Иммунитетиңизди бекемдеп, гигиенаны сактаңыз жана катуу үшүп кетүүдөн алыс болуңуз.
  4. Алдын алуу изилдөөлөрүнөн тынымсыз өтүп туруңуз.
  5. Акысыз жана жеңилдетилген кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүү болуш үчүн ММК полисин алыңыз.

No tags added.