ММКФ йоддун жетишсигинин алдын алуу жөнүндө: кош бойлуу аялдар үчүн сунуштамалар
13.01.2025
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ) кош бойлуу аялдарда йоддун жетишсиздигин алдын алуунун маанилүүлүгүн эскертет. Йоддун жетишсиздиги эненин ден соолугуна жана түйүлдүктүн өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизерин эске алып, ММК фонду болочок энелерге бул маанилүү микроэлементке болгон муктаждыкты алдын ала эске алып, алдын алуу чараларын көрүүнү сунуштайт.
Эмне үчүн кош бойлуулар үчүн йод маанилүү?
Йод калкан безинин нормалдуу иштеши үчүн керек, ал зат алмашууну жөнгө салуучу гормондорду иштеп чыгууга жана түйүлдүктүн органдарынын жана дене системаларынын өнүгүшүнө жооп берет Йоддун жетишсиздиги олуттуу кесепеттерге, анын ичинде эненин да, баланын да өнүгүүсүнүн, акыл-эсинин артта калышына жана калкан безинин бузулушуна алып келиши мүмкүн.
ММКФнын сунуштамалары:
1. Кош бойлуулукту пладаштырып же кош бойлуу болгон бардык аялдар кош бойлуулуктун 12 жумасына чейин катталган жери боюнча үй-бүлөлүк дарыгерге катталууга тийиш. Эрте каттоо изилдөөнүн толук комплексин өтүүгө жана каттоодон өткөндөн кийин дароо йод камтыган дары препараттарын профилактикалык кабыл алууну баштоого мүмкүндүк берет. Дарыгер ден соолук үчүн коопсуз препараттын ылайыктуу дозасын жана формасын тандоого жардам берет.
2. Йод препараттарын дарыгер жазып берген электрондук рецепттер боюнча 50%га чейин арзандатып жана ММКФ менен келишим түзгөн дарыканалардан алса болот.
Кыргызстанда кош бойлуу аялдар кош бойлуулугу боюнча каттоого турганда дароо камсыздандырылат жана Үй-бүлөлүк медицина борборуна, ошондой эле төрөткө, анын ичинде кесарево операциясына барганда медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү акысыз алышаарын эскертебиз.
ММКФ йод жетишсиздигинин алдын алуу эненин жана төрөлө элек баланын ден соолугуна кам көрүүнүн маанилүү экендигин баса белгилейт. Бардык медициналык кызмат көрсөтүүлөр, анын ичинде консультацияларды жана препараттарды дайындоо Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында акысыз берилет.
**Унутпаңыздар:** Өүңүздүн ден соолугуңузга кам көрүү — бул сиздин ымыркайыңыздын ден соолугуна кам көрүү болот. Келечекте мүмкүн болуучу көйгөйлөрдөн алыс болуу үчүн өзүңүзгө йоддун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылыңыз.