Кыргызстанда 2024-жылы 160 миңден ашуун ММК полиси 474,9 млн сом суммасына сатылган
05.02.2025
2024-жылы Кыргызстанда 160 миңден ашуун жаран Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында жеңилдетилген медициналык кызмат көрсөтүүлөргө укук берген милдеттүү медициналык камсыздандыруу (ММК) полисин сатып алышкан. Полистерди сатуудан түшкөн жалпы сумма 474,9 млн сомду түзгөн.
2023-жылга чейин өлкөдө медициналык камсыздандыруу ыктыярдуу мүнөздө болгон, бул калктын полис менен аз камтылышына алып келди: 2023-жылы болгону 3 435 полис 6,6 млн сом суммасына, ал эми 2022-жылы 7 132 полис 16,5 млн сом суммасына сатылган.
2023-жылы “Кыргыз Республикасында жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу жөнүндө” Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөрдүн күчүнө кириши менен бардык камсыздандырылбаган жарандар, анын ичинде чет өлкөлүк студенттер жана жарандар ММК полисин алууга милдеттүү болгон, мында камсыздандырылган жарандардын олуттуу өсүшү белгиленген. 2023-жылы сатылган полистердин саны 67 165ке жетип 2022-жылга салыштырмалуу дээрлик он эсеге көбөйүп, бюджетке 160,6 млн сом түшкөн.
Калктын маалымдуулугун жогорулатуу үчүн Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММК фонду) тарабынан Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана Билим берүү министрлигинин колдоосу менен масштабдуу маалыматтык кампания өткөрүлдү. Өлкө боюнча миңден ашуун калк менен жолугушуулар уюштурулуп, ММК полисинин артыкчылыктарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле түшүндүрүү иштерине медициналык кызматкерлер да активдүү катышты.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун киргизилиши саламаттык сактоо системасын каржылоону кыйла көбөйттү жана Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында медициналык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүгү жакшыртылды.
ММК системасына жарандарды маалымдоо жана тартуу боюнча иштери Кыргызстандын ар бир тургуну үчүн сапаттуу медициналык жардамдын жеткиликтүү болуусу улантылат.