Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме.

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

Акысыз лабораториялык анализдер: камсыздандырылган жана камсыздандырылбаган жарандар эмнени билиши керек

28.02.2025

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ) эскертет: эгерде сизде лабораториялык изилдөөлөр үчүн көрсөткүчтөр болсо, анда үй-бүлөлүк дарыгер жолдомо берүүгө милдеттүү.

Камсыздандырылган жарандар Үй-бүлөлүк медициналык борборлордо 52ге чейинки лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөрдү акысыз алууга укуктуу.

Акысыз анализдерге укугуңузду кантип колдоносуз?

1️. Үй-бүлөлүк медицина борборуна катталуу.
2️
. Үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылуу.
3️
. Консультациядан өтүү.
4️
. Лабораторияга жолдомо алуу.

Ким акысыз лабораториялык изилдөөдөн (52 чейинки түр) өтө алышат?

ММК полиси бар жарандар

  • Иштеген жарандар, алардын ММК төгүмдөрүн иш берүүчү төлөйт.
    ММК төлөмдөрүн төлөөчү дыйкан (фермер) чарбаларынын мүчөлөрү.
    Пенсионерлер, пенсиялык күбөлүгү менен.
    16 жашка чейинки балдар (мектептерде жана медреселерде окугандар – 18 жашка чейин).
    Расмий катталган жумушсуздар.
    21 жашка чейинки күндүзгү окуу формада окуган студенттер.
    Кыргыз Республикасынын аскер кызматчылары.
    Ай сайын социалдык жөлөкпул алган адамдар.

Эгерде сиз камсыздандырылбасаңыз, эмне кылуу керек?

Үй-бүлөлүк дарыгерге катталган камсыздандырылбаган жарандар да ошондой эле жогорудагы шарттарда 12 түр анализди акысыз тапшыра алышат.

Кошумча маалымат:
Анализдердин тизмесин тактоо үчүн өзүңүздүн Үй-бүлөлүк медицина борборуна (бейтапканага) кайрылыңыз.

ММК фонду лабораториялык диагностика – бул ооруларды эрте аныктоо жана ден соолукту сактоого карата маанилүү кадам экенин эскертет!

Суроолор дагы барбы?
Күнү-түнү иштеген 113 шыр байланышына чалыңыз. Чалуулар бардык түзмөктөрдөн акысыз.

 

No tags added.