Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме.

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

Акысыз дарылоодо стационарда жеңилдетилген категориядагы жарандар үчүн кандай чектөөлөр бар

18.02.2025

Медициналык камсыздандыруу фондунун (ММКФ) маалыматы боюнча 70 жаштан өткөн пенсионерлерди камтыган жеңилдетилген категориядагы жарандар стационарларда акысыз дарыланууга укуктуу, бирок бул укук кээ бир чектөөлөр менен берилет.

Мамлекеттик кепилдиктер программасынын шарттарына ылайык, жеңилдетилген категориядагы жарандар жылына эки жолудан ашык болбогон пландалган дарылоону стационарларда акысыз алууга укуктуу. Демек, алар жылына эки жолу мамлекеттик медициналык уюмдарда акысыз пландалган дарылоону алууга укуктуу.

Эгерде оорулууну стационарга жаткырууда жылына эки жолудан ашып кетсе, үчүнчү жана андан кийинки жаткыруулар орточо кошумча төлөмдөр менен жүргүзүлөт.

Өлкөдөгү бардык стационарларда, ал улуттук, облустук же шаардык деңгээлде, ошондой эле жайгашкан жери боюнча болобу бул эрежелер иштей берет. 6 жашка чейинки балдар үчүн бул чектөө – алар үчүн колдонулбайт.

Өтө маанилүү!

Акысыз дарылоону стационарда алуу үчүн үй-бүлөлүк дарыгерден жолдомо, ошондой эле жеңилдетилген статусуңузду ырастаган документтер (мисалы, пенсиялык күбөлүк) сөзсүз болушу керек.

ММКФ пенсионерлерге жана жарандардын бардык жеңилдетилген категорияларына дарылоону пландаштырууда бул чектөөлөрдү эске алууну сунуштайт.

☎️Эгер суроолор пайда болсо, ММКФнын күнү-түнү иштеген 113 шыр байланышына чалыңыз. Чалуулар бардык түзмөктөрдөн – акысыз.

No tags added.