Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме.

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

Ооруканага жаткыруу учурунда жарандарга кандай медициналык кызматтар көрсөтүлөт

04.03.2025

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ) пландуу ооруканага жаткыруу учурунда камсыздандырылган жарандар, анын ичинде милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылбаган, бирок белгиленген өлчөмдө кошумча төлөм жүргүзгөн жарандар кошумча төлөмсүз төмөнкү медициналык кызматтарды алууга укуктуу экенин эскертет.

1️. Текшерүү жана дарылоо – дарыгердин күнүмдүк кароосу, консультациялар, дарылоону, анын ичинде хирургиялык операцияны жана наркозду дайындоо.

2️. Диагностика - стационарда жүргүзүлүүчү лабораториялык-диагностикалык изилдөөлөр (жогорку технологиялууларды кошпогондо).

3️. Дары-дармектер менен дарылоо - жашоо үчүн маанилүү дары-дармек каражаттарынын тизмесинен дары-дармектерди берүү менен ийне (булчуңга, венага) саюу.

4️. Таңуу - медициналык буюмдарды (бинт, марли ж.б.) колдонуу менен таңууларды жасоо.

5️. Реабилитация жана физиотерапия – көрсөткүчтөрү болсо, бул стационарда жеткиликтүү калыбына келтирүү жол-жоболорун жүргүзүү.

Кандай дары-дармектер акысыз берилээрин кантип билсе болот?

Стационардын ар бир бөлүмүндө көрүнүктүү жерде (көбүнчө коридордо) ошол күнгө акысыз дарылардын актуалдуу тизмеси жайгаштырылган. Эгер дайындалган дары бул тизмеде жок болсо, медициналык кызматкер бейтапка анын жеткиликтүү эместигин түшүндүрүүгө милдеттүү.

ММКФ бейтаптар өздөрүнүн укуктары жөнүндө маалымдуу болушуна чакырат жана зарыл болгон учурда дарылоочу дарыгерден же оорукананын администрациясынан маалыматты тактап алуулары керек.

Суроолор келип чыккан учурда ММК фондунун күнү-түнү иштеген 113 шыр байланышына чалыңыздар, чалуулар бардык түзмөктөрдөн акысыз.

 

No tags added.