Горячая линия Фонда ОМС - 113 работает в штатном режиме.

Кыргыз Республикасынын саламаттык

сактоо министрлигине караштуу милдеттүү

медициналык камсыздандыруу фонду

kg ru

Ар бир аял өз ден соолугуна өз убагында кам көрө алат

07.03.2025

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ) Кыргызстанда аялдарга өз убагында медициналык жардам алуу жана медициналык кызмат көрсөтүүдөгү жеңилдиктерден пайдалануу мүмкүнчүлүгү бар экенин эскертет.

Бул үчүн төмөнкүлөр зарыл:

Камсыздандырылган адам статусуна ээ болуу, бул жарандардын төмөнкү категорияларына автоматтык түрдө берилет:

  • Иштегендерге иш берүүчүлөр тарабынан ММКга төгүм төлөшөт.
  • Милдеттүү медициналык камсыздандыруу төгүмдөрүн өз алдынча  төлөгөндөр;
    • ММК полисин сатып алгандар;
    • Пенсионерлерге, мектеп окуучуларына (18 жашка чейин), күндүзгү студенттерге (21 жашка чейин);
    • Аскер кызматчыларына, фермер аялдарга, расмий жумушсуздар жана социалдык жөлөп пул алган аялдарга.

Кандай медициналык кызматтар жеткиликтүү:

  • Профилактикалык текшерүүлөр жана дарылооакысыз.
  • Лабораториялык изилдөөлөр (52 түр) – акысыз.
  • Диагностикалык изилдөө (УЗИ, рентгенография) – 50% арзандатуу менен.
  • Күндүзгү стационарда ийне саюу 50% арзандатуу менен.
  • Жеңилдетилген дары-дармек каражаттары (анын ичинде темир, йод, фолий кислотасы) ММК фонду менен келишим түзгөн дарыканаларда (өлкө боюнча 1000ден ашык дарыканада) электрондук рецепт боюнча 50%га чейинки арзандатуу менен.

Кантип жеңилдетилген медициналык кызматтарды алса болот?

  1. ҮМБнын үй-бүлөлүк дарыгерине катталуу.
  2. Лабораториялык жана диагностикалык изилдөөгө жолдомо алуу.
  3. Камсыздандыруусу жок болгон учурда ММК полисин тариздөө (мобилдик тиркеме, төлөм терминалдары жана банк аркылуу, наркы12 айга 1840 сом).

ММК фонду аялдарды ден соолугуна өз убагында кам көрүүгө жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасында каралган укуктардан пайдаланууга чакырат.

No tags added.